Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Пакистан: мечиттеги жардыруу ондогон өмүрдү кыйды


Жардыруудан кийинки издөө-куткаруу маалында алынган сүрөт.
Жардыруудан кийинки издөө-куткаруу маалында алынган сүрөт.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардырууну жанкечти жасаганы маалым болду.

Күбөлөрдүн "Машаал" радиосуна билдиришинче, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти бомба орнотулган кемселди жардырган. Окуя 30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 90дой киши өлүп, 160ка чукулу жараат алды. Эки кабаттуу имараттын бир бөлүгү урап, астында бир нече адам калган.

Полиция кызматкерлери ооруканага ондогон жарадар жеткирилгенин, бир тобунун абалы оор болгондуктан, курмандыктар көбөйүшү мүмкүндүгүн билдиришти.

Бийлик менен тирешип келаткан “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын колбашчыларынын бири Сарбакаф Мохманд кол салууга жоопкерчилик аларын Твиттерге жазган.

Бирок бир нече сааттан кийин аталган кыймылдын басма сөз катчысы Мухаммад Хурасани мечиттерди жана диний жайларды бутага алуу топтун саясаты эместигин, топтун жардырууга тиешеси жоктугун айтты.

Жардыруу уюштурулган мечит
Жардыруу уюштурулган мечит

Премьер-министр Шахбаз Шариф жардырууну айыптап, анын артында тургандарга “катуу чара” көрүлөрүн айтты жана жабыркагандарга мүмкүн болгон бардык медициналык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчыларынын айтымында, жардыруу уюштурулган мечитке полицияда иштегендер жана жергиликтүү бийлик башчылары көп барышат.

Жардырууда жараат алган адамды арабада алып баратышат.
Жардырууда жараат алган адамды арабада алып баратышат.

Мурдагы премьер-министр Имран Хан да жардырууну айыптап, аны "террордук чабуул" деп атады.

"Биз чалгын маалыматтарын чогултууну өркүндөтүшүбүз керек жана күчөп бараткан терроризм коркунучу менен күрөшүү үчүн полицияны күчтөнтүү зарыл", - деп жазды Хан Твиттерде.

Бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, акыркы кездери бул топ түрдүү чабуулдарды уюштуруп келатат. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы туруу, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуп, АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтышат. Бул радикал кыймыл өлкөдө 15 жылдан бери козголоң уюштурат.

Пешавар - Пакистандын түндүк-батыш тарабында Ооганстан менен чектеш, Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору.

Негизинен полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү барган суннилердин мечитиндеги кол салуу акыркы жылдардагы Пакистандын коопсуздук күчтөрүн бутага алган эң кандуу чабуулдардын бири болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG