Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Кулябда жергиликтүү тургундун өлүмүн адилет тергөөнү талап кылган митинг өттү


Абдукаххор Розиков. Коллаж.
Абдукаххор Розиков. Коллаж.

30-январда Тажикстандын Куляб шаарында жүзгө жакын киши мэриянын алдына топтолуп, жергиликтүү тургун Абдукаххор Розиковдун өлүмүн адилет тергөөнү талап кылышты.

37 жаштагы Роззиков маңзат соодасына шек саналып 3-январга караган түнү кармалган жана ички иштер башкармалыгынын имаратында белгисиз жагдайда каза болгон. Анын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен үч милиция кызматкери кармалып, кийинчерээк анын экөө аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган.

Шаардык акимчиликтин алдына чогулган жарандар бошотулган милиционерлердин кайра камакка алынышын талап кылышты.

Маркумдун агасы Давлат Розиковдун айтымында, чогулгандардын алдына шаар башчысы Бахтиёр Назарзода чыгып сүйлөдү. Мындан тышкары чогулгандар менен Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук кызматында иштегендер да жолуккан. Алар чогулушту сүрөткө жана видеого тартууга уруксат беришкен эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG