Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы 7-февралдан тартып кайра иштей баштайт


Баткен аэропорту.
Баткен аэропорту.

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы 7-февралдан тартып кайра иштей баштай турганын бүгүн 31-январда “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Тез Жет» авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге аптасына бир жолу – ар шейшемби сайын каттап турат.

«Баткен» аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

““Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол» жана «Баткен» эл аралык, ал эми алтоо –«Жалал-Абад», «Исфана», «Караван», «Казарман», «Нарын» жана «Талас» аймактык деген макамга ээ. (SA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG