Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Кыргыз фондулук биржасында былтыр эки эсе көп келишим түзүлдү


Соңку бир жыл ичинде Кыргызстандын Фондулук биржасында дээрлик 18 миллиард сомго эки миңден ашуун келишим түзүлүп, тарыхый максимум катталганын 31-январда «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда биржанын президенти Медет Назаралиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр бардык багыттар боюнча өсүү болгон.

«Бул көрсөткүчтөр бизнес инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн, ал эми мамлекет жаңы компаниялар ачык акционердик коом формасында түзүлүшү керектигин түшүнүп жатканынын далили. Жаңы компаниялар листинг процедурасынан өтүп, бизнес инвестицияны фондулук базардагы ачык жана түшүнүктүү механизм аркылуу тартууга умтулууда», — деди Назаралиев.

2021-жылы, мекеменин маалыматына караганда, түзүлгөн келишимдердин жалпы суммасы эки эсе аз болгон.

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) 1994-жылы түзүлгөн. Анын максаты – баалуу кагаздар рыногунун натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG