Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Кутманова Евро-5 стандартына туура келбеген күйүүчү майга тыюу салууну сунуштады


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Евро-5 (К5) стандартына туура келбеген бензин жана дизелди Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө мындай демилге ыштан арылуу үчүн керек экенин айтты.

"Класс канчалык жогору болсо, ошончолук ыш азаят. Ушул тапта өлкөгө 2,3,5 классындагы күйүүчү май кирип жатат. Анын жарымына жетпегени гана Евро-5 стандартына дал келет. Өлкөдө сатылган күйүүчү майдын үлгүсү эле элге ачык жазылып, классы тууралуу маалымат берилбейт. А-95 үлгүсүндөгү бензиндин К3 же К5 классында экенин билбей эле сатып алышыбыз мүмкүн", - деп жазган Кутманова.

Бензиндин сапаты боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде ушул күндөрү Бишкек биринчи сапта турат.

Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG