Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Пакистандагы жардыруунун курмандыктары 90дон ашты


Жардырууда жараат алган адамды арабада алып баратышат.
Жардырууда жараат алган адамды арабада алып баратышат.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жанкечтинин жардыруусунан каза болгондор 90дон ашты. Жараат алгандар 170тей экени кабарланды.

Урандылардын астында калгандарды чыгаруу, куткаруу иштери кечээтен бери уланып жатат.

Окуя 30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке 260тан көп адам бешим намазына чогулганда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти өзүн жардырган.

Негизинен полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү барган суннилердин мечитиндеги кол салуу акыркы жылдардагы Пакистандын коопсуздук күчтөрүн бутага алган эң кандуу чабуулдардын бири болуп калды.

Премьер-министр Шахбаз Шариф кол салган адамдын имараттын ичине кантип кирип кеткенин иликтөөнү буйруду.

Бийлик менен тирешип келаткан “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын колбашчыларынын бири Сарбакаф Мохманд кол салууга жоопкерчилик аларын Твиттерге жазган.

Бирок бир нече сааттан кийин аталган кыймылдын басма сөз катчысы Мухаммад Хурасани мечиттерди жана диний жайларды бутага алуу топтун саясаты эместигин, жардырууга тиешеси жоктугун айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG