Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:35

Бишкекте таштанды үчүн тариф көтөрүлөт


Бишкектин четиндеги таштанды полигону. 2022-жыл.
Бишкектин четиндеги таштанды полигону. 2022-жыл.

Бишкекте таштанды үчүн тариф көтөрүлөт. Бишкек шаардык кеңеши мэриянын тиешелүү токтом долбоорун 31-январдагы жыйынында колдоду. Расмий маалыматка караганда, жаңы тариф менен бир адам айына 41 сом, пенсионерлер 22 сом 50 тыйын төгүп калат. Мурда тариф 22 сом 50 тыйын болчу.

Менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн 1 куб метрине 361 сом, же тоннасына 2 430 сом болот. Буга чейин таштандынын 1 куб метрине 225 сом төлөнчү. Болжол менен жаңы тариф 1-февралдан тарта күчүнө кирет.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров тариф көтөрүлсө шаарды таштандыдан арылтууга көмөк болорун айтты.

“Шаар таптаза болот. Мына 74 техника алуу үчүн акча бөлүп бергенсиңер. Тендер өткөрүп, акчасын төлөдүк. Техника жаңы болот. Шаар таза болот”.

Мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев таштындагы болгон тариф арзан экенин, “Тазалык” ишканасынын чыгымын жаппай жатканын билдирди. Ал тариф кымбаттаса муниципиалдык ишкананын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн айтты.

Айрым депутаттар жакында эле президент Садыр Жапаров электр жарыгы 1 сомго жогорулай турганын, ал эми өкмөт башчы Акылбек Жапаров ысык сууга тарифти кымбататтуу керектигин билдиргенин айтышты. Ушундан улам элди кыйнабаш үчүн таштандыга болгон тарифти көтөрүүнү кийинки жылга калтыруу сунушу берилип ал колдоо тапкан жок.

Бишкектин таштанды маселеси бир топ жылдан бери орчундуу көйгөй болуп келе жатат. Маселени чечүү үчүн 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алынып, таштанды жайын көмүү, жаңысын ишке киргизүү иштери жасаларын жана таштандыны ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор дагы деле бүтө элек. Бул боюнча “Азаттык” иликтөө чыгарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG