Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Улуттук банк беш акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту


Акча алмаштыруу жайы.
Акча алмаштыруу жайы.

Улуттук банк быйыл жыл башынан бери 25 акча алмашуу жайы текшерилип, мыйзамдын талаптарын аткарбаган беш акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди.

Экөөнө 55 миң сомдон айып салынган. Мындан тышкары лицензиясы жок акча алмаштыруу менен алектенген 10 адам 175 миң сом айыпка жыгылды.

Кыргызстанда валюта рыногундагы абалды туруктуу кармап туруу үчүн чет өлкөгө накталай долларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Өкмөттүн чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандар 5 миңден, Кыргызстандын жарандары 10 миңден көп доллар алып чыга албайт.

Улуттук банк ушу тапта Кыргызстандын банктарында 600 млн. доллар бар экенин кабарлаган. Анын 40% накталай акча. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG