Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Мүнхен коопсуздук жыйынына орус оппозициясынын өкүлдөрү чакырылды


Мүнхен коопсуздук конференциясынын 2021-жылдагы форумунан тартылган сүрөт.
Мүнхен коопсуздук конференциясынын 2021-жылдагы форумунан тартылган сүрөт.

Мүнхен коопсуздук конференциясынын уюштуруучулары быйыл орус өкмөтүнүн өкүлдөрүн чакыруудан баш тартып, ордуна оппозициянын өкүлдөрү - Михаил Ходорковский менен Гарри Каспаров чакырышты. Форум 17-февралда болот.

Конференциянын төрагасы Кристоф Хойсген мындай чечимди орус бийлигине үгүт үчүн аянтча берүүнү каалабагандыгы менен түшүндүрдү.

"Кремлден биз күн сайын угуп жаткан билдирүүлөр Орусия Путин жарыялаган согуштан кайтпайт, тагыраак айтканда, Украинаны талкалоону токтотот деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк бербейт", - деди Хойсген MDR телеканалына.

Орусиянын Юстиция министрлиги оппозициячы, шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Гарри Каспаров менен ишкер, коомдук ишмер Михаил Ходорковскийди былтыр "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизген.

Коопсуздук боюнча Мүнхен конференциясы 1962-жылдан бери өткөрүлөт. Ага ондогон мамлекеттердин лидерлери, министрлер, саясатчылар жана коомдук ишмерлер барат. Орусия конференцияга 1999-жылдан бери катышып келген.

2007-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Мүнхен конференциясында сүйлөгөндө АКШны жана анын союздаштарын НАТОну кеңейтип жатат деп сындаган жана бул Москва үчүн коркунучтуу экенин билдирген. Путиндин ушул сөзү Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен мамилесинин начарлашынын башаты катары айтылат.

2022-жылы орус бийлиги конференция "максатынан тайып баратканын" айтып, биринчи жолу ага катышуудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG