Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Жерүй кенинен эки жылда жети тонна алтын казылды


“Жерүй” алтын кен комбинаты.
“Жерүй” алтын кен комбинаты.

Талас облусундагы Жерүй алтын кенинен эки жылда жети тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышканын 1-февралда кабарлады.

Маалымат боюнча, “Жерүй” алтын кен комбинаты 2022-жылы 23 млрд. сомдук продукция өндүргөн. Комбинатта 1400 адам иштейт. Ишкана облустук фондго 407 млн. сом которгон.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өткөн Жерүй кенин иштетүү укугу орусиялык “Альянс-Алтын” компаниясына берилген.

Кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Кыргызстан бул ишканада үлүшү жок калганын жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтиришкен.

1969-жылы чалгындалган Жерүйдө 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар экени айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG