Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Майлуу-Суу тургундарына электр акысын төлөөдө жеңилдик берүү сунушталды


Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.
Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Майлуу-Суу шаарынын кыш чилдеде жылуулуксуз калып, үйүн электр менен жылытканы үчүн жарыктын акчасы бир нече эсе көп чыккан тургундарына жеңилдик берүү сунушун Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жалпы жыйынында депутат Замирбек Мамасадыков көтөрдү.

Ал адатта бир айга 500 сомдой төлөп жүргөн шаар тургундарына январь айына 2-2,5 миң сомдук эсептер келип жатканын билдирди:

“Жылуулук өчкөндө алар электр жылыткычтарын сайып, 700 киловаттан өтүп кетишти. 77 тыйындан эмес, 2 сом 16 тыйындан айланып калды. Элдин күнөөсү жок. Айла жок лимиттен өтүп кетип жатышты”.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев авария болгон күндөрү Майлуу-Суу электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болгонун, мунун өзүн ошол кездеги кырдаалга жараша элге колдоо катары бааласа болорун айтып, депутаттын сунушун “анализдеп көрүүнү” убада кылды.

26 миң калкы бар Майлуу-Суу шаарында 6,5 миңдей кожолук жашайт.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын ӨКМ 13-январда билдирген. Мындай кырдаал шаарда азыр да уланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG