Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

УКМК: Чүйдө электр тармактарында иштеген инженер пара берип кармалды


Пара үчүн бериле турган акча. УКМК тараткан сүрөт.
Пара үчүн бериле турган акча. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери көп суммада пара берип жатканда кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү Аламүдүн райондук электр тарматарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу пара сунуштаган. Ал 31-январда 350 миң сом которуп жатканда кармалган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен кылмыштардын бирдиктүү системасында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн адвокаты же жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG