Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Садыр Жапаров өкмөт башчыны кызматтан кетирбей турганын айтты


Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. (Архив)
Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. (Архив)

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетпей турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 1-февралда “Кабар” маалымат агенттигине берген чакан маегинде айтты. Ал президент катары Акылбек Жапаровдун ар бир ишине көз салып жатканын, өкмөт туура эмес иштесе эскертип турарын кошумчалады.

“Ооба, туура. “Акылбек кетсин!” дегендер карапайым калктын арасында да бар. Ким эле салыктын түрлөрүн көбөйтөм деген кишини жакшы көрсүн. Бирок Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт”.

Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында ишке киришкен. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда өкмөт башчынын отставкасын талап кылган чакырыктар көбөйдү. Айрым интернет колдонуучулар буга чейин да ушундай эле талаптарды жазып чыгышкан.

Кыргызстандын Эгемендик тарыхында 30дан ашык өкмөт башчы алмашкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG