Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Бишкекте адамды жүзүнөн тааныган 500дөн ашык камера иштеп баштады


Коопсуздук камералары.
Коопсуздук камералары.

Бишкек шаарында адамды жүзүнөн тааный турган 519 видеокамера бирдиктүү байкоо системасына кошулуп, иштей баштады. Ушу тапта шаарды толугу менен видео байкоого алуу үчүн ар бир районго камералык көзөмөл системасы орнотулуп жатат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-февралда кабарлады. Кылмыштуулук менен күрөшүү максатында адамды жүзүнөн тааныган дагы 2 миң 177 камера коомдук жайларда иштеп жатат деп билдирет министрлик.

Шаардагы 519 камера министрликтин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун көзөмөлүндө болот. Камералар 360 градус айланып, 500 метрге чейин аралыктагы адамдарды тааныйт.

"Учурда издөөдө жүргөн адамдарды кармоо, дайынсыз жоголгон адамдардын жүргөн жерин аныктоо, тартип бузууларды же мушташтын алдын алуу, кылмыштын бетин ачуу жана жарандарга ар кандай жардамдарды көрсөтүү процесстери жүрүүдө", - деп билдирди ИИМ.

2019-жылы Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Бул долбоорду орусиялык "Вега" концерни ишке ашырган.

Кийин "Коопсуз шаар 2" долбоорун ишке ашыруу пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санарип министрлиги тендерди утуп алган Shenzhen Sunwin кытайлык компаниясын сотко берген.

Адамды жүзүнөн тааный турган видео байкоо системасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө Кытай өкмөтүнүн колдоосу менен коюлуп, айрым көз карандысыз эксперттердин "адамдын эркиндигин чектейт" деген сынга кабылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG