Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Пиязды сыртка экспорттоого үч айлык чектөө киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы 1-февралда билдиргендей, Министрлер кабинетинин токтому менен үч айлык тыюу 31-январдан тартып киргизилди.

Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленди.

Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө пиязды экспортоого убактылуу чектөө киргизүүнү өткөн аптада сунуштаган жана мындай чектөөнү Казакстан менен Өзбекстан да киргизгенин маалымдаган.

Соңку кезде Кыргызстанда азык-түлүк кайра кымбаттаганы байкалууда. Өзгөчө пияздын баасы жогорулап, килограммы 60-70 сомдон сатылып жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG