Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Украинада окко учкан кыргыз жараны ал жакка кандайча барып калганын териштирүү талабы коюлду


Аян Алишеров тууралуу "Супер Инфо" гезитине чыккан макала. 2023-жыл.
Аян Алишеров тууралуу "Супер Инфо" гезитине чыккан макала. 2023-жыл.

Украинадан сөөгү келген кыргыз жараны Аян Алишеров бул өлкөдө жүрүп жаткан согушка кандайча барып калганын териштирүү талабы бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коюлду. Депутат Мейкинбек Абдалиев кыргызстандык жарандар “ал конфликтке эч кандай тиешеси болбошу керек” экенин белгилеп, тийиштүү мекемелерге парламенттин атынан протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылды:

“Биздин жараныбыз Аян Алишеров Орусияда түрмөгө камалып, үч жыл болуптур отурганына. Бирок мына жакында анын сөөгүн Луганскиден алып келишти. Орусиянын түрмөсүндө отурган биздин жаран кантип Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта пайда болуп, ошол жерден сөөгү келди? Биздин тийиштүү органдар, элчилик, консулдук ушуну иликтеп бериңиздер, ал өз каалоосу менен кеткенби же мажбурлап алып кетишкенби? Мыйзам боюнча андай болбошу керек. Аян Алишеров Ноокен районунун Шалка деген айылынан болот, биз аны тааныйбыз”.

22-январда Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес. Ушул тапта Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы кабарланууда. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда Орусияда 2 миңдей кыргыз жараны камакта отурат, алардын 30% аялдар. Ага ылайык 1001 кыргызстандык жаран Орусиянын тергөө абактарында, дагы 1078и түрмөдө.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG