Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Султанбаев "Белестин" автобустарына байланыштуу түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров "Белес.kg" автобусун айдап көрүүдө, 15-февраль, 2022-жыл.
Садыр Жапаров "Белес.kg" автобусун айдап көрүүдө, 15-февраль, 2022-жыл.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандык "Белес" компаниясы чыгарган автобустарды мамлекет эмнеге көп сатып албаганын түшүндүрдү.

Фейсбукта жазган түшүндүрмөсүндө Султанбаев компанияга таандык автобустар дизел менен жүрө турганын, борбор калаа болсо экологиялык жактан таза транспортко муктаж экенин жүйө келтирген.

"Аталган жергиликтүү компания унутта калган жок. "Белес" менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш автоунааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык жактан таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө. Анын үстүнө, учурда "Белес" компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, учурда "Белес" компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруу үстүндө иштеп жатат, андан кийин мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат", - деп жазды Султанбаев.

Султанбаевдин белгилешинче, Кыргызстан Кытайдан сатып алган 120 жүргүнчү автобустун баары газ менен жүрөт.

Кыргызстан алгачкы жолу автобустарды өзү кураштыра баштаганы 2022-жылы белгилүү болгон.

Бирок Бишкек мэриясы май айында "Белес" ишканасынын автобустарын азырынча сатып албай турганын, баасы жана башка шарттары стандартка туура келбей жатканын билдирген.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алганына байланыштуу буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.

Шаардагы ыштан арылуу үчүн өкмөт мэрияга мекемелер аралык тармактык иш алып баруу тапшырмасын берген.

Бишкек быйыл кыш келгени абанын сапатын текшерген World Air Quality индекси боюнча ноябрь, декабрь жана январь айларында дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG