Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Кемпир-Абад иши: Жактоочулардын ИИМдин Тергөө кызматына каршы даттануусу сотто карала баштады


ИИМдин Тергөө кызматына каршы арызданган жактоочулар тобу.
ИИМдин Тергөө кызматына каршы арызданган жактоочулар тобу.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын адвокаттарынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына каршы даттануусу бүгүн 1-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда карала баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, жактоочулар сотко Тергөө кызматы аларга айрым тийиштүү документтерди көрсөтпөй жатканын айтып даттанышкан.

Кеп лингвистикалык жана политологиялык экспертиза жүргүзүүгө, экспертиза жүргүзө турган адамдар тууралуу маалыматка, ишке жашыруун деген макам берилгени жөнүндөгү токтомго байланыштуу маселеде болууда.

Бүгүнкү отурумда, Абдирасулова билдиргендей, судья ишке жашыруун деген макам берилгени тууралуу токтомду көрсөтүүнү талап кылды. Бирок отурумга катышкан тергөөчү ал токтом жанында жок экенин айтты. Натыйжада судья ишти кароону 3-февралга калтырды.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG