Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

"Жүк-200дүн" жолуна бөлүнүүчү акчаны алуудагы бюрократия маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет жакта каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекеттен жардам акчаны алуудагы бюрократия маселеси орчундуу болуп жатканын 1-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Медербек Алиев билдиди.

Ал жакында Орусиянын бир катар аймактарын кыдырып, кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугушуу өткөрүп келгенин, алар ушул маселени да көтөрүшкөнүн айтып берди:

“Жалпы жонунан мигранттар ыраазы. 2020-жылдан баштап мамлекет ар бир “Жүк-200гө” 70 миң сомдон бөлүп жатыптыр. Бирок бюрократияны азайтуу керектигин айтып жатышат. Кээ бир учурларда өтө көп документ кагаздар талап кылынат экен. Кээде өлүктү тезирээк чыгарыш керек болуп калат, биз мусулманбыз да... Ушуну жакшылап карап берсеңиздер”.

7 миллион калкы бар Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрүшөт, алардын көбү Орусияда. Ошол жакта каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекеттен жардам маселеси көптөн бери көтөрүлүп жүрүп, чечилген.

2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келгенин 19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген. Анын айтымында, 350 маркумдун 200дөн көбү Орусияда каза болгондор.

2021-жылы, ТИМдин расмий маалыматына караганда, Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG