Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Көзү өтүп кеткен 66 адамдын атына арзан дары үчүн рецепт жазылып жүргөнү аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Панфилов районунда арзандатылган баадагы дарыга электрондук рецепттер каза болгон 66 адамдын атына да жазылып жүргөнү аныкталганын бүгүн 1-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, былтыр тогуз ай аралыгында Панфилов районунун Жалпы дарыгердик тажрыйба борбору аркылуу 3,8 миллион сомго 3657 электрондук рецепт жазылып берилген, арасында көзү өтүп кеткен 66 адамдын да атына жазылган рецепттер бар экени аныкталган.

Райондук прокуратура жүргүзгөн текшерүүгө үй-бүлөлүк дарыгерлердин арызы негиз болгон.

“Белгисиз бирөөлөр райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлердин электрондук рецепт жазылуучу системага кире турган логинин жана паролун билип алып, пайда көрүү максатында мыйзамсыз рецепттерди жазып берип жүрүшкөн. Мамлекетке келтирилген зыян 4 миллион сомго чамалаган. 3657 рецепттин негизинде дары-дармек дарыканалардан арзандатылган баада сатылып турган. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ал дары-дармектин акчасын төлөө үчүн бюджетинен 3,8 миллион сом которгон” деп билдирди прокуратура мекемеси.

Кылмыш иши “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде козголуп, тергеле баштады.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму 31-январда былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келди. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG