Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстан Түркиядан акысыз дарылануу квотасын көбөйтүүнү суранды

Түркиядагы ооруканалардын бири.
Түркиядагы ооруканалардын бири.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев расмий Анкарадан кыргызстандыктар акысыз дарылануу үчүн квотаны көбөйтүүнү суранды.

Элчи 31-январда Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын кабыл алуусунда болуп, эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Түркия менен мамлекеттик кызматташтыктын алкагында акысыз дарылануу 2019-жылы 100 квотадан 150 квотага көбөйгөн. Бирок 2020-жылы башталган пандемиядан улам Түркияга акысыз барып дарылануунун шарты өзгөрүп, ушул тапта квота менен дарылануу токтоп турганын Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" маалымдаган.

Аталган мекеменин акыркы маалыматында, 2022-жылга карата 4 миңдей кыргызстандык бул квотаны күтүп кезекке турган.

Эки өлкө ортосундагы саламаттык сактоого байланыштуу 2014-жылы кол коюлган келишимине ылайык, жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен 100 бейтап келип дарыланат.

Алардын элүүсүн Саламаттык сактоо министрлиги, калганын Түркия элчилиги тандап жиберет. (BCh)

​
XS
SM
MD
LG