Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Министрлик жаңы ооруканаларды куруу планы боюнча маалымат берди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл ондогон медициналык жай жаңы курулуп же толук оңдолорун бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди. Анын айтымында, Бишкекте курула турганы экөө, калгандарынын баары аймактарда болот:

“Үч багытта иш жүргүзүлүп жатат. Титулдук тизмеге 77 объект кирген курулуш иштерине, ал эми оңдоп-түзөө иштерине 19 объектти киргизгенбиз, бирок каражат жетишпегенине байланыштуу аны кичине кыскартканга туура келет окшойт. Экинчи багыт – Кыргызстан боюнча чоң, заманбап ооруканаларды куруу долбоорлору. Биринчи этабында жети жерге салына турган долбоор иштелип бүтөйүн деп калды. Үчүнчү багыт – азыркы иштеп жаткан ооруканалардын алдына кабыл алуу блокторун салабыз. 80ге жакын объект деп пландаштырып жатабыз”.

Кыргызстанда оорукана-бейтапканалардын дээрлик баары советтик мезгилде курулган. Жаңы курулгандар жеке компанияларга таандык. Имараттардын эскилиги жеткени, көпчүлүк жерлерде медициналык жабдык заман талабына жооп бербей турганы айтылып, талкууланып келет. (RK)

​
XS
SM
MD
LG