Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:07

Парламентте TikTok социалдык тармагын чектөө сунушу айтылды


Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жалпы жыйынында интернеттеги TikTok социалдык тармагын чектөөңү депутат Шайлообек Атазов сунуштап чыкты. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, өз сунушун TikTok жаштарга жана улуттук идеологияга терс таасир тийгизип жатат деп негиздеди:

"Маданият министрлигине тапшырма бериңиз, ушул багытта иш алып барсын. Кечинде үй-бүлө менен отуруп TikTok көрүү уят болууда. Мамлекеттин улуттук саясаты болуш керек да. Башка өлкөлөрдө, мисалы Казакстан, Өзбекстанда TikTok жок. Ушуга көңүл буруңуздар", - деди.

Депутат Талайбек Масабиров TikTokту көзөмөлдөп, жаштарды спорт жана башка жакшы нерселерге үндөө зарыл экенин айтты.

TikTok социалдык тармагын чектөө маселеси АКШнын Конгрессинде 2022-жылдын этегинде көтөрүлгөн, конгрессмендер бул соцтармак өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтып чыгышкан.

Тиркеме 2016-жылы чыккан. Ага көбүнчө видеороликтер жүктөлүп, түз эфирлер болот.

Алгач ал Douyin деген ат менен Кытайда жарыяланган. 2017-жылы кытайлык ByteDance компаниясы TikTokту дүйнө рыногуна чыгарган. 2022-жылы TikTok тиркемесине дүйнөдө бир миллиарддан ашык киши катталган.

Кыргызстанда анын канча катталуучусу бар экени белгисиз. Internews уюмунун акыркы маалыматы боюнча, өлкөдөгү социалдык тармакты колдонуучулардын басымдуу бөлүгү ушул тапта маалыматты TikTokтон алып жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG