Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Караколдо адамдын жүзүн таануучу жүздөн ашык камера коюлду


Каракол шаарындагы видео көзөмөл борбору.
Каракол шаарындагы видео көзөмөл борбору.

Каракол шаарында адамды жүзүнөн таануучу 118 камера орнотулду. Бул тууралуу Каракол мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаарга камера орнотуу иштери 2021-жылы башталган. Коопсуздук системасын Караколдун ички иштер башкармалыгы көзөмөлдөйт.

"Видеокамералар адамдын жүзүн тааныйт, кылмыштуулукту азайтуу максатында коюлду. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса, тийиштүү кызматтарды тез арада окуя болгон жерге жиберүүгө шарт түзүлөт", - деп билдирди шаар башкармалыгы.

Ички иштер министрлиги Бишкекте 500дөн ашуун адамдын жүзүнөн таануучу камералар иштей баштаганын 1-февралда билдирген.

Мындай система Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө Кытай өкмөтүнүн колдоосу менен коюлуп, айрым көз карандысыз эксперттердин "адамдын эркиндигин чектейт" деген сынынан кабылган.

Кыргызстандын ИИМи өлкөдө орнотулуп жаткан видео камералар кай жактан келгени тууралуу маалымат берген жок. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG