Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Президент Жапаров Баткендеги курулуш иштери тууралуу сындарга жооп берди


Баткен. Курулушу бүткөн үйлөрдүн бири.
Баткен. Курулушу бүткөн үйлөрдүн бири.

Президент Садыр Жапаров 1-февралда улуттук "Кабар" агенттигине маек куруп, Баткендеги курулуш иштериндеги коррупциялык схемалар тууралуу сын-пикирлерге жооп берди. Ал жемкорлук тууралуу маалыматтарды "акчадан куру калгандардын маалыматтык чабуулу" деп сыпаттады.

"Былтыр сентябрь айында Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти. Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 млн. 500 миң сомго курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы, “Ар бир үйгө 5 млн. 500 миң сом кетет деген бул өтө кымбат. Ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин бул сметасы мага жаккан жок. Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы” деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн. 300 миң сомдон акча кетет экен. “Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула” деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 млн. 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн. 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек”, - деди Жапаров.

Жапаров “Аманат инвест” компаниясы Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, кагаз иштерин бүтүрүп жатканын кошумчалады.

"Биз мамлекеттик каражаттарды уурдатпаганыбыз үчүн бүгүнкүдөй аскердик жана башка техника сатылып алынып жатат", - деди ал.

Баткенди калыбына келтирүү иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатат. Ал компания ар бир үйдү келишимдин негизинде 3 миллион 315 миң сомго куруп жатканы белгилүү болгон.

Былтыр декабрдын этегинде Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар курулуш иштери кечигип жатканын айтышып, аны жүргүзгөн компаниянын ишин сындап чыгышкан.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тарткан. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз болгон. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон.

18-январга карата расмий эсеп боюнча 426 үйдүн 45инин курулушу бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылган.

Учурда Ак-Сайдын 3 миңдей жашоочусу конушуна кайта элек.

Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан 60тан ашык жаранынан айрылды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG