Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Литванын тышкы иштер министри Европадагы өлкөлөрдөн орус элчилерин чыгарууга чакырды


Габриэлюс Ландсбергис
Габриэлюс Ландсбергис

Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис Европанын бардык өлкөлөрүн Орусиянын элчилерин өлкөдөн чыгарууга чакырды. Анын "орус дипломаттарын Европада калтыруу - азыр маанисиз" деп айтканын Verslo Zinios басылмасы жазды.

Ландсбергис Балтика өлкөлөрүнүн жана Польшанын тышкы иштер министрлери менен Ригада өткөн маалымат жыйында:

"Көп учурларда бул дипломатиялык институт эмес, согуш кылмыштарын жаап-жашырган жана геноцидди үгүттөөчү мекеме болуп калды", - деди.

Ал Литва орус элчисин былтыр апрелде орус армиясынын Украинанын Буча шаарындагы согуш кылмыштарына жооп катары чыгарып жибергенин айтты. Январда орус элчилери Эстония менен Латвиядан да чыгарылды. Москва да бул өлкөлөргө ушундай жооп кылган.

Ошол эле учурда литвалык дипломат бул жаатта ар кандай көз караштар бар экенин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG