Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

Депутат: “Камбар-Ата-1дин” көп үлүшү коңшу өлкөлөргө берилгени кооптуу


Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында “Камбар-Ата-1” ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешип куруу жана ГЭСти башкара турган ишканадагы акциялардын бөлүнүшү боюнча маселе көтөрдү. Ал акциянын көп бөлүгү коңшу өлкөлөргө берилип жатканын айтып, бул кооптуу экенин билдирди.

“Кошуна мамлекеттерге 30% берип атасыңар. Алардын үлүшү 60% чыгат. Биз кантип башкарабыз анда? Бир да маселени чече албай калабыз. Улуттук кызыкчыкка туура келген чечимдерди кабыл ала албайбыз. Бул мамлекеттин коопсуздугу, эгемендикке байланыштуу маселе”.

Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын энергетика министрлери 6-январда Бишкекте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча жол картанын макулдашуусуна кол коюшкан.

Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 млрд. 916 млн. доллар кетет деп маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 млрд. долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Буга чейин айрым энергетиктер да үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG