Британ өкмөтү орусиялык миллиардер Роман Абрамовичке таандык "Челси" футболдук клубун сатуудан түшкөн 2,3 миллиард фунт стерлингди (болжол менен 2,8 миллиард АКШ долларын) Украинадагы согушта жапа чеккендерге жардам көрсөтүү фондуна которууну пландоодо.
Бул тууралуу The Telegraph басылмасы өкмөттөгү булактардан алынган маалыматка таянып билдирди.
Маалыматка караганда, Абрамович Евробиримдиктин санкциясына илингендиктен, маселенин чечилиши бир нече жумага созулушу мүмкүн.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, акча жөнөтүлө турган фондду түзүү идеясы Абрамовичтин өзүнө таандык. Демилге былтыр мартта орус олигархы Украинадагы согушка байланыштуу санкцияларга кабылгандан кийин пайда болгону айтылган.