Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Бишкекте 14 жаңы конушка газ бериле элек


Бишкек. Дордой базарынын жака-белиндеги конуштардын бири.
Бишкек. Дордой базарынын жака-белиндеги конуштардын бири.

Бишкектин четиндеги 14 жаңы конушта 19 миң үйгө газ бериле элек. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров 1-февралдагы басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, шаардын жаңы конуштарын толук газга өткөрүү үчүн 4 миллиард сом талап кылынат. 2023-жылы беш жаңы конушка газ киргизүү пландалууда. Натыйжада төрт миңдей үй газ менен камсыз болот.

"Биз шаар жетекчилиги менен чогуу жаңы конуштарды газдаштыруунун жол картасын даярдап, кол койгону жатабыз. Он миң үйгө газдын ички түйүндөрүн тартып баруу үчүн 350 млн. сом талап кылынат. 14 жаңы конушка газ таркатуучу түйүн курууга 3,2 млрд. сомдон ашык каражат талап кылынат", - деди Алдаяров.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, акыркы сегиз жылда Бишкек менен Чүй облусунда жалпы 1,1 чакырымдык газ куурлары орнотулган. 100 чакырымдык газ түтүктөрү жаңыланган. 2014-жылы Кыргызстанда газ менен камсыздоо 22% ишке ашкан, 2022-жылы 38% жеткен. Ушул тапта Бишкектин 27 жаңы конушундагы 27 миңдей үй газ менен камсыз болгон.

Бишкек мэриясынын 30-январдагы жыйынында 2023-жылы Ак-Тилек, Ак-Тилек- 2, Ак-Тилек (турбаза), Бакай Ата, Ала-Арча конуштарын газдаштыруу планы бар экени жарыяланган.

Бишкектеги от казандарды жана менчик секторду газга өткөрүү маселеси шаардагы ыштан улам козголуп келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG