Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү жаңы техника менен толукталды


«Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси.
«Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси.

Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди. Бул техниканы Кыргызстан Беларустан сатып алганын, ал Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнө берилерин президенттин басма сөз кызматы 1-февралда билдирди.

Мекеме өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай көчмө комплекс сатып алып жатканын, аны каалаган убакта каалаган жерде жайгаштырса болорун белгилеп, жаңы техниканы президент Садыр Жапаров барып көргөнүн кабарлады.

Өз сөзүндө Жапаров «Азыркы түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан дагы күчтөндүрүүнү талап кылууда», — деди.

Президент өткөн жылдын 4-кварталында «Белтехэкспорт» ишканасы менен «С-125» зениттик ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтты. Азыркы күндө контракт боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы келди.

Мындан тышкары, маалыматта айтылгандай, чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар да сатылып алынды.

Кыргыз бийлиги коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-декабрдагы жыйында коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард, 2022-жылы 52,2 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, "Байрактар" учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG