Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Эки жашар кызын сабаган деген шек менен кармалган келин бир айга камалды


Cабалган кыз. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт. 30-январь, 2023-жыл.
Cабалган кыз. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт. 30-январь, 2023-жыл.

Баткенде эки жашар кызын сабаган деп шек саналган келин бир айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Мындай чечимди 1-февралда Баткендин Кадамжай райондук соту чыгарды.

Соттун чечиминен кийин шектүү “Турмуш” басылмасына комментарий берип, тергөөчү соттон аны камакка алууну суранганын, кызынын бетинде эч кандай көк-ала так болбогонун айтты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген.

Ал Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан.

Окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Келиндин үч баласы Кадамжай районунун Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылган.

Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүп жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG