Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстан электр тармагына сырттан 50 миллион доллар алганы жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан электр тармагына сырттан кезектеги насыя алганы жатат. Дүйнөлүк банк менен кыргыз өкмөтү ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо жөнүндөгү келишимди ратификациялоо маселеси бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңеште каралып жатат.

Бул келишимге ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, Кыргызстан 50 миллион доллар алат:

“Мунун 25 миллиону грант, 25 миллиону насыя. Буга “акылдуу эсептегичтен” 600дү сатып алууга пландаштырдык, мындан тышкары айылдарда көчөгө коюла труган трансформаторлордон 1 миң даана жана эки электр устунунун ортосундагы төрт зымды алмаштыруучу 350 километр өз алдынча изоляциялануучу зым сатылып алынат”.

Келишимге эки тарап 2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол койгон.

Бүгүнкү жыйында белгилүү болгондой, Кыргызстан эгемендик жылдары электр тармагын реформалоо үчүн сырттан жалпысынан 137 миллиард 87 миллион сомдук (болжол менен 2 миллиард долларга жакын) насыя алган.

2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Энергетика тармагына Кытайдан алынган ири насыяны (Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого) өздөштүрүүдө жемкорлукка жол берилгени 2018-жылы аныкталып, бир катар жетекчилерге сот өкүмү чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG