Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Пакистандагы жардырууда өлгөндөрдүн саны 100гө жетти


Жардыруудан кийин "Тез жардам" келгенде тартылган сүрөт.
Жардыруудан кийин "Тез жардам" келгенде тартылган сүрөт.

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жанкечтинин курмандыгы болгондор 100гө жетти, алардын көбү полиция кызматкерлери. Дагы 170тей адам жараат алган. Урандыларды тазалоо эки күндөн бери уланууда.

30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке 260тан көп адам бешим намазына чогулганда жардыруу болгон. Күбөлөрдүн айтымында, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти өзүн жардырган.

Премьер-министр Шахбаз Шариф кол салган адамдын имараттын ичине кантип кирип кеткенин иликтөөнү тапшырган.

Бийлик менен тирешип келаткан “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын колбашчыларынын бири Сарбакаф Мохманд кол салууга жоопкерчилик аларын Твиттерге жазган.

Бирок бир нече сааттан кийин аталган кыймылдын басма сөз катчысы Мухаммад Хурасани мечиттерди жана диний жайларды бутага алуу топтун саясаты эместигин, жардырууга тиешеси жоктугун айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG