Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Казакстандык басылмага Орусиянын сотунан чакыруу келди


Украиналык аскерлер Орусиянын желегинин элеси түшүрүлгөн “Купянский район” деген жазууну бузуп, Украинанын байрагын көтөрүп турушат. Харьков облусу, 14-сентябрь, 2022-жыл. Казак сайты ушул Харьковдогу окуялар тууралуу жазган макаласы үчүн сотко чакырылууда.
Украиналык аскерлер Орусиянын желегинин элеси түшүрүлгөн “Купянский район” деген жазууну бузуп, Украинанын байрагын көтөрүп турушат. Харьков облусу, 14-сентябрь, 2022-жыл. Казак сайты ушул Харьковдогу окуялар тууралуу жазган макаласы үчүн сотко чакырылууда.

Казакстандын Arbat.media басылмасына Орусиянын сотунан чакыруу келди. Аларга каршы арызданган орус Аскер прокуратурасы журналисттерди "нааразылык маанайын жаратты" деп айыптоодо.

Басылманын маалыматына караганда, прокуратура сайтты орус армиясы Украинадагы согушта көптөгөн жоготууларга кабылганы, шаарларды аткылаганда карапайым адамдар өлгөнү тууралуу "жалган маалымат" жарыялаганын айтууда.

Басылма мындай айыптоого макул эмес. Отурум Владимир шаарынын Ленин райондук сотуна 17-февралга белгиленген.

Сөз Arbat.media сайтынын былтыр сентябрда жарыяланган "Харьков облусунда орус оккупанттары утулууда, бирок аны моюнуна алгысы келбейт" аталыштагы макала тууралуу болууда. Анда украин аскерлери Харьков облусундагы оккупацияланган бир нече аймактарды бошоткону кабарланган.

Роскомнадзор буга чейин бир нече казак жана кыргыз маалымат каражаттарынан Украинадагы согуш тууралуу макалаларды өчүрүүнү талап кылган. Мындай билдирүүлөр NewTimes.kz, Ratel.kz, Exclusive.kz, Kloop.kg, Vlast жана "Информбюро" басылмаларына келген. Бирок эч бири сотко чакырылган эмес.

Роскомнадзордун талабын бир гана Newtimes.kz сайты аткарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG