Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Кызын сабаган келин камакта калды


"Турмуш" сайтынын видеосунан алынган кадр. Келиндин бети этикалык себептерден улам жабылды.
"Турмуш" сайтынын видеосунан алынган кадр. Келиндин бети этикалык себептерден улам жабылды.

Эки жашар кызын сабап жатканын видеого тартып, күйөөсүнө жөнөткөн келин бир айга камалды. Бул чечимге аял жана анын жакындары нааразычылык билдиришти. Ушул тапта келиндин үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылды.

Баткенде эки жаштагы кызын сабаган деп шек саналган келин бир айга убактылуу кармоочу жайга камалды. Мындай чечимди 1-февралда Баткендин Кадамжай райондук соту чыгарды.

Соттун чечиминен кийин шектүү “Турмуш” басылмасына комментарий берип, тергөөчү соттон аны камакка алууну суранганын, кызынын бетинде эч кандай көгала так болбогонун айтты.

"Мени баланы урду деп камакка алышты. Кызымдын бетинде так бар деп айтышты, андай эмес. Бул жолдошумдун эле кылганы. Ал мени атамды өлтүргөндөр боюнча тосмо арыз жазып бер деп талап кылган".

Келиндин апасы Максуда Шадиеванын айтымында кызы менен күйөө баласынын баш кошконуна үч жыл болуп, келин күйөөсүнөн буга чейин зомбулук көрүп жүргөн.

"Кызым Макбубанын үч баласы бар. Бул үчүнчү турмушу. Менин күйөөм менен балам өлгөндөн кийин бул күйөөсүнүн башка нерселери чыгып калды. "Сен мындай экенсиң, тигиндей экенсиң, күйөөгө көп жолу тийгенсиң" деп аябай кызганып, урушчу. Мынча кызганган болбойт да. Мен бул күйөө баламды өзүм аябай жакшы көрчү элем. Баарына "кудай берген күйөө балам" деп мактачумун. Чалым менен балам өлдү, кызым стресске түшүп, атасы өлүп, иниси өлүп, мен болсо догдурга жатып чыктым".


30-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы келинге карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Эки жашар кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маселе райондук администрацияга караштуу балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу чечими кабыл алынганын билдирген.

Окуя боюнча иш алып барып жаткан Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээрихан Асанова балдардын абалына токтолду.

"Экөө мектепке, бири бакчага бара баштады. Алар менен психолог иштеп жатат. Абалы жакшы. Азырынча энелик укуктан ажыратуу туралуу айта албайбыз. Маселени сот чечет. Биз мыйзамдык негизде бизден талап кылынган иш-аракеттерин гана аткардык".

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кызын сабаган келиндин үч баласына 2022-жылдын июль айында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу чегерилип, айына 3 600 сом алып келатканын кошумчалады. Бул каражат ушул жылдын июнь айына чейин берилет деп белгиленген.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Cабалган кыз. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт. 30-январь, 2023-жыл.
Cабалган кыз. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт. 30-январь, 2023-жыл.


Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу ушу тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, ыркы кеткен үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүп жатышат.

Баткендеги жергиликтүү журналист Кайрат Жапаров келиндин психологиялык абалы тууралуу жазып чыкты. Анын айтымында, бир нече ай мурда Кадамжайда киши колдуу болгон ата-бала келиндин жакындары.

"Келиндин психологиялык абалы да анча жакшы эмес болчу. Аны айыптап жаткан жолдошу аял менен балдарына анча деле каралашчу эмес экен. Келип-кетип турчу дейт. Бул аялдын атасы менен иниси төрт ай мурун өлтүрүп кетишкен. Ошондон кийин да менимче, психологиялык абалы анча жакшы эмес болуп турган".

Жапаров айтып жаткан окуя былтыр 18-октябрь түнү Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында болгон. Айылдын 62 жаштагы жаранды үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 29 жаштагы уулу менен чогуу атып кетишкен. Үйдүн 59 жаштагы кожойкеси сабалып, ооруканага жеткирилген.

Ата-баланы өлтүрүп кеткен шектүүлөрдү кармоо учурунда милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүлүп, атышууда кылмышка шектүүнүн бири октон каза таап, үч милиция кызматкери жараат алган.


Жогорудагы келиндин окуясынан кийин атанын жоопкерчилиги да козголду. Кызыгы милицияга арыз менен кайрылган балдардын атасы аларды камкордукка алган эмес. Баткендеги "Активист" кризистик борборунун Сонунбүбү Камчыбекова маселени тыкыр иликтөө керек деп эсептейт:

"Бул окуя боюнча бир жактуу тыянак чыгарууга али эрте. Ооба, баланын укугун эске алганда анын сабалганы туура эмес. Бирок, аялдын абалын, ал эмнеден улам ушуга барганын да аныкташ керек. Коомчулук аялды күнөөлөп жатат. Бирок баланын атасы кайда? Ал да балдарына жооптуу. Балким анын жоопкерчилиги жоктугунан улам аял ушундай абалга жеткен".

Камалган келиндин маселеси 2-февралда Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Камила Талиева камакка алынган аял үй-бүлөдө зомбулук көргөнүн, ага психологиялык жактан жардам берүү ордуна тергөө абагына камакка алуу туура эмес экенин айтты.

“Ал аял эне. Психологиялык жактан оор абалда турганда баласын уруп койгондур. Бирок аялды камап, балдарынан ажыратып коюу туура эмес. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне, мыйзамдык зомбулукка кабылбашы керек. Кичине жеңил чара көрүп, коомчулук жардам берсек”.

Былтыр балдардын ишеним телефонуна 94 579 кайрылуу болгон. Жашы жете электерге карата зомбулукка байланыштуу 286 телефон чалуу болгон. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG