Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Ата-баланын өлүмү: шектүүлөрдү кармоо учурунда атышуу болду


Баткен, Кадамжай району. Иллюстрация.
Баткен, Кадамжай району. Иллюстрация.

Кадамжайда ата-баланы өлтүрүп кеткен шектүүлөрдү кармоо учурунда милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүлүп, атышууда кылмышка шектүүнүн бири октон каза таап, үч милиция кызматкери жараат алды. Милицияга куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүлөрдүн бири буга чейин издөөдө жүргөнү айтылууда.

18-октябрда түнү Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында 62 жаштагы жарандын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 29 жаштагы уулу экөөсүн атып кетишкен. Үйдүн 59 жаштагы кожойкеси сабалып, ооруканага жеткирилген.

Кылмышка шектүүлөр изделе баштаган. Милициянын 22-октябрда кошуна айылда жаңы курулуп жаткан мечиттин имаратынан шектүү адамдар байкалып, алар тоо тарапка качып жөнөгөн.

Алар Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы кызматкерлеринин өз ыктыяры менен колго түшүп берүү талабына баш ийбестен ок чыгарып, каршылык көрсөтүшкөнүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Дамира Юсупова билдирди:

Дамира Юсупова
Дамира Юсупова

"Милиция кызматкерлери барган учурда, белгисиз эки жаран ок атуучу курал менен каршылык көрсөтүп, үч милиция кызматкери жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кылмышка шектүүлөрдүн бири А.Б. мыйзамдуу талаптарга баш ийип, багынып берген. Бирок, кылмышка шектүү А.у.Ф. өзүнүн ок атуучу куралы менен кайрадан милиция кызматкерлери көздөй атып, каршылык көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан биринчи ирет бутуна атылганына карабай куралдуу каршылык көрсөтө бергендиктен, башына ок тийип каза болгон".

Шектүүлөрдүн жанынан эки курал, керектүү буюмдар, кийим-кече жана ок-дары, окту жасай турган шаймандар алынган. Колго түшүп берген адам 18-октябрда Кадамжайда ата-баланы атып өлтүрүүгө катышканын моюнга алганы милициянын маалыматында айтылат.

Киши колдуу болгон жарандардын тууганы Хасан Шадиевди сөзгө тарттык.

"Өтө жаман иш болду. Келип эле үйүндө жаткан адамды атып кете бергенин кандай түшүнсө болот? Азыр кандай болгонун айта албайбыз. Окуяны көргөнүбүз жок. Мунун баарын укук коргоо органдары тергеп, аныкташы керек".

Маркумдун жубайы, кандуу окуяда токмок жеген Максуда Шадиева каргашалуу түндү мындайча эскерди:

"Жолдошум жакшы киши эле. Эч кимге зыяны жок болчу. Эмне болгонун да билбей калдык. Жолдошум жаткан болчу. Мен да үйдөэлем. Анан эле тарс деген добуш чыгып, ушундай окуя болуп кетти. Мен башымдан, колумдан жараат алдым. Ким кылганын билбесем... Эмнеге мындай кадамга барганын да түшүнбөйм. Буга чейин эч ким менен ызы-чуу болгон эмес эле".

Окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

62 жана 29 жаштагы ата-баланы атып, сарайын жана автоунаасына өрт коюп кеткен шектүүнүн бири, милициянын огунан каза тапкан жаран буга чейин жасаган кылмышы үчүн издөөдө болгону ички иштер органдары билдирди.

Ал каза тапкандардын жакын тууганы экени айтылып жатат. Бул маалымат азырынча расмий ырастала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG