Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Кыргызстан кылмыштуулук деңгээли боюнча 40 өлкөнүн ичинде


Кыргызстандын милиция кызматкерлери. Иллюстрация.
Кыргызстандын милиция кызматкерлери. Иллюстрация.

Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын Улуттук статистика комитети маалымдады. Ички иштер министрлиги майда кылмыштар көбөйгөнү менен, оор кылмыштар дээрлик тең жарымына азайганын айтууда. Ал арада Белградда жайгашкан Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээледи.

Аталган сайт ар кайсы өлкөлөрдө түрдүү жагдайларды ачык маалыматтарга жана статистикага таянып, иликтеп келет.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти, тескерисинче, Кыргызстанды саякаттоого коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди.

"Көчөдө жүрүү кооптуу болуп калды"

Акыркы эки жумада эле борбор калаа Бишкекте көчөдө ок атышуулар катталды. Алардын бири 7-августта күндүз болуп, жыйынтыгында бутуна ок жеген адам ооруканага жаткырылган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) окуя болгон жерден тапанча огу менен табылганын, ал эми окуяга катышы бар үч адамга издөө жарыяланганын маалымдады. Маалыматка ылайык издөөгө алынгандардын экөө Өзбекстанда туулган. Бул окуя тартылган тасмада анын катышуучуларынын бири тапанча, бири мылтык көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот.

Августтун башында Бишкектеги май куюучу бекеттердин биринде токтоп турган кымбат баалуу Mercedes Gelandewagen унаасын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мажбурлап ээсинен тартып алып, айдап кетишкени кабарланды.

Окуянын видеосунан алынган сүрөт. Видеону милиция тараткан.
Окуянын видеосунан алынган сүрөт. Видеону милиция тараткан.

Милиция алгач борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде калтырылган унааны таап, кийинчерээк аны тартып алган эки адамды кармаган. Маалыматка ылайык, кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени аныкталган.

13-август күнү Бишкектеги түнкү сайрандоочу жайлардын биринин алдында ок атылган. Бишкек милициясы окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн "Тосмо" деп аталган операция жарыялаган. Милиция бул ишти иликтөө уланып жатканын кабарлоодо.

Бишкек милициясы өткөн айда көчөдө бараткан аялдын мойнундагы баалуу чынжырчасын үзүп качып кеткен деген шек менен бир адам кармалганын, үйүнө кирип бараткан улгайган аялдын колунан сумкасын жулуп качууга аракет кылган деген шек менен дагы бир адам кармалганын маалымдады.

Жарандык активист Бурул Усманали көчөдө улгайган адамдарды, кыз-келиндерди тоноо да күч алганын белгиледи.

Бурул Усманали.
Бурул Усманали.

"Көчөдө 90-жылдардагыдай тоноп, карактап кетүү кайрадан көбөйдү. Мыйзам да иштебейт. Ушундан улам элде да үмүт жок, кайдыгер. Мыйзам кепилдиги жок. Жарандык коом чырылдап калып атабыз. Бийлик коом менен чогуу иштегендин ордуна шайлоо сайын убада гана берип, аны ишке ашырууга чара көргөн жок. Эл шайлоодо берген убадасын бийликтен талап кылууга тийиш".

ИИМ: Оор кылмыштар азайды

Ички иштер министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даудов июнь айында парламентте өткөн жылга караганда быйыл оор кылмыштардын саны азайганын, бирок майда кылмыштуулук көбөйгөнүн айтып, анын себептери катары элдин социалдык абалына байланыштырган.

Улуттук статистика комитеттин 6-августта тараткан маалыматында да өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карактоо 15%, тоноо 5%, уурулук 1,4% көбөйгөнүн көрсөтүлгөн. Булар бардык кылмыштардын жалпы санынын 73% түзөт.

Саясатчы Равшан Жээнбеков укук коргоо органдары кылмыштуулукка каршы күрөшү чабал деген пикирде.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

"Биринчиден, жумушсуздук, жакырчылык өскөн өлкөдө кылмыштуулук көбөйөт. Украинадагы согуштан улам Орусияга киргизилген санкциялардын таасиринен Кыргызстанда да социалдык абал начарлап, кымбатчылык күчөдү. Экинчиден, укук коргоо органдары, коопсуздук кызматы, сот системасы кылмыштуулукка эмес, жарандык коомдун аракетине, бийликтин саясий оппоненттерине, журналисттерге каршы иштеп жатканы да кылмыш дүйнөсүнүн күч алышына шарт түзөт. Бизде абал дал ошондой".

Ошол эле кезде Улуттук статистика комитети опузалап акча талап кылуу 2,5%, жалпы өзгөчө оор кылмыштар 30% азайганын белгилейт. Мекеме жарым жылдын ичинде жалпы 23 миң кылмыш катталганын, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 0,7% аз экенин кабарлаган.

Ички иштер министрлиги да акыркы жылдары Кыргызстанда оор кылмыштардын саны дээрлик эки эсеге азайганын билдирүүдө.

Министр Улан Ниязбеков 2022-жылдын алты айындагы милициянын иши менен тааныштырган 19-июлдагы маалымат жыйынында кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга караганда, 47% төмөндөгөнүн билдирген. Анын айтуусунда, 2021-жылы 6 айда 43 миң 159, быйыл ошол мезгилде 22 миң 634 кылмыш катталган. Министрдин бул сөзү соцтармактарда кызуу талкуу жаратканы белгилүү.

Numbeo иликтөөсү

Ал арада Белградда жайгашкан Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген. Аталган сайт ар кайсы өлкөлөрдө түрдүү жагдайларды ачык маалыматтарга жана статистикага таянып, иликтеп келет.

Сайттагы маалыматка ылайык, мурунку союздук өлкөлөрдүн ичинен Беларус 32-орунда. Казакстан 47-орунда. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия 94, Өзбекстан 104, Армения кылмыштуулук деңгээли төмөн өлкөлөрдүн катарында 136-орунда турат.

Уюшкан кылмыштуулук боюнча жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу учурда Кыргызстанда кылмыш дүйнөсү синдикатка айланып, саясатка аралаша баштаганын белгилеп, бул өлкө келечеги үчүн кооптуу дейт.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

"Синдикат деген - мафиянын, уюшкан кылмыштуу топтордун саясатташкан деңгээли. Алар Жогорку Кеңешке өздөрүнүн адамдарын депутат кылып шайлагандан тартып, күч түзүмдөрүнө чейин өз кишилерин коюуга жетишип жатышы мүмкүн. Алардын кыска аралыкта тез байып, кымбат унаа минип, кычырап кийинип жүргөнүн көргөн жаштар ошолордой болгулары келет да, кылмыш дүйнөсүнө оңой тартылат. Ушул тапта спорттун "эрежесиз эр уруш" сыяктуу түрлөрү менен машыгып жүргөн уландар спортто ийгилик жарата албай калса, аны кылмыштуу топто улантып жүрүшөт. Мунун баары кийинки муунга таасир этип, криминалдын күчөшүнө себепкер болуп жатат".

Ушул тапта ИИМдин каттоосунда 1177 адам уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары катталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 1-башкармалыгынын жетекчиси Марлис Жумабаев "Азаттыкка" милиция аларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп жатканын айтты.

"Быйылкы жарым жыл ичинде атайын “Арсенал”, “Бандит” деген аталыштардагы төрт ыкчам иликтөө иштерин жүргүздүк. Жыйынтыгында 72 адам камакка алынды. Алардан ондон ашуун мыйзамсыз курал-жарактары алынды".


Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанды саякаттоого коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизген.

Мамдепартаменттин сайтында Кыргызстан туристтерге сунуш кылынган коопсуз өлкөлөрдүн катарында көк түстө белгиленген. Ал эми "кооптуу" деген өлкөлөр кызыл түскө боелгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG