Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Бишкекте ок атуу боюнча үч адамга издөө жарыяланды


Бишкек ШИИБи тараткан сүрөт.
Бишкек ШИИБи тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык милициясы 7-августта борбор калаадагы ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча шектүүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен үч адамга издөө жарыяланды. Алар:

  • Степанов Николай Николаевич, 1999-жылы туулган, Бишкек шаарында туулган;
  • Степанов Лев Викторович, 1994-жылы туулган, Өзбекстанда туулган;
  • Каландаров Геннадий Геннадьевич, 1993-жылы туулган, Өзбекстанда туулган.

Шаардык милиция жогорудагы адамдар жөнүндө маалыматы бар болсо, ички иштер органдарына маалымат берүүнү өтүнүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда ок атышуу менен коштолгон жаңжал тартылган тасма тараган. Анда эки топтун ортосунда чыр чыгып, бир адам мылтык менен ок атканын көрүүгө болот. Бул окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон эле. Милиция тараткан маалыматка ылайык, оң жак санына ок жаңылган адам тууралуу маалымат 7-августта түшкөн. Окуя болгон жерден бир тапанча менен ок табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG