Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Эстония жана Финляндия деңиз коргоо күчтөрүн бириктирүүнү сүйлөштү


Таллин, Эстония
Таллин, Эстония

Финляндия НАТОго кошулган соң деңиз жээиктерин коргоону Эстония менен биргеликте жүргүзөт. Мындай чара Балтика деңизине Орусиянын аскердик кемелеринин кире албай калышын шарттайт. Бул тууралуу Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур Iltalehti гезитине маегинде билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ракетага каршы коргонуу системасы Фин кысыгын орус аскерлеринен коргоону камсыз кылмакчы. Мындай жол менен Балтика деңизи НАТОнун ичиндеги деңизге айланышы мүмкүн.

Быйыл февралда Орусия Украинага кол салган соң Финляндия жана Швеция мурдагы нейтралдык макамынан баш тартып, НАТОго кошулуу чечимин кабыл алган. Алардын альянска кошулуусун аскердик блоктун бардык 30 мүчөсү колдошу керек. 4-августка карата жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга 23 өлкө макул болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG