Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Кыргызстанда жыл башынан бери азык-түлүк 12% кымбаттады


Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы жарымында инфляциянын деңгээли 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Өлкөдө жарым жылда эң көп алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баа өсүп, 12,9% жогорулаган. Тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктер 12,6% кымбаттады.

Азык-түлүктөрдүн ичинен кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.

Кыргызстандын Экономика министрлиги БУУнун Азык-түлүк, энергетика жана финансы тармагындагы кризистерге каршы туруу глобалдык тобунун маалыматтарына таянып, дүйнөдө азык-түлүк жана сырьелук товарларга баа өсүп жатканын билдирүүдө.

Украинадагы Орусия баштаган согуш бүтүн дүйнөдө кымбатчылыкты күчөттү. Кыргызстанда азык-түлүк баасы кескин өсүүдө. Быйыл март айында социалдык-экономикалык көйгөйлөргө чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлгөн эле. Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG