Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Кыргызстанда карактоо жана тоноо кылмыштары көбөйдү


Өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу уурулук 1,4%, карактоо 15%, тоноо 5% көбөйгөн. Булар бардык кылмыштардын жалпы санынын 73% түзөт. Бул маалыматтар Улуттук статистика комитетинин сайтында жазылды.

Расмий статистикага ылайык, опузалап акча талап кылуу 2,5%, алдамчылык 24%, жалпы өзгөчө оор кылмыштар 30% азайды.

Өлкөдө жарым жылдын ичинде жалпы 23 миң кылмыш катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,7% аз дегенди түшүндүрөт. Бирок жакында эле ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштар 47% азайганын маалымдаган болчу. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG