Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Консул маалымдайт” долбоору иштей баштаганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дипломатиялык мекеме жана консулдук кызматтар, укуктук маселер боюнча маалыматтарды көбүрөөк жайылтуу үчүн “Консул маалымдайт” долбоору иштеп баштаганын билдирди.

Элчиликтин сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында ар кандай маселер боюнча түшүндүрмө видеолор жарыяланып турат.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык мигрант эмгектенет.

2022-жылдын май айынын аягында Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” Кыргызстандын 82 миңдей жараны бар экени кабарланган. Элчилик буга чейин Орусиядагы укук коргоо органдары текшерүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын эскертип, мигранттарды орус мыйзамдарын так сактоого жана ал өлкөдө жашап, иштөө укугун тастыктаган документтерди алып жүрүүгө, такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG