Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Саламаттык сактоо министрлиги кандын запасы дээрлик жок калганын билдирди


Улан Садыков жана Жаркынбек Касымбеков.
Улан Садыков жана Жаркынбек Касымбеков.

Бишкектеги республикалык Кан борборунда кан запасы дээрлик түгөндү. Учурда кандын III (В) группадагы запасы жок. Бул тууралуу мекемеге таянып Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Министрлик элди кан тапшырууга чакырды. 6-августа министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жана анын орун басары Улан Садыков кан тапшырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда бул көрсөткүч өтө төмөн. Өлкөдө азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар. Кан хирургия, онкология, гинекология, травматология, гематология ооруларына талап кылынат. Кыргызстанда жети кан борбору иштейт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG