Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Кантты жеңилдетилген баа менен ташып келүү мөөнөтү узартылды


Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 15-июлдагы чечими менен ак жана чийки кантты импорттоого убактылуу тарифтик жеңилдикти 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Кыргызстанга ак жана чийки кумшекерди бажы төлөмүсүз ташып келүү көлөмү 105 миң тоннаны түзөт.

Июнь айында кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салган. Буга социалдык маанилүү азыктардын бири - канттын таңкыс жана кымбат болуп кеткени негиз болгон. Кыргызстан былтыр дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын 24,3 миң тоннасы Орусиядан келген. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.

Учурда бардык азык-түүлүк менен кошо кумшекердин баасы өсүп, килограммы 100 сомго чейин чыкты. Мурда 60-70 сомдун тегерегинде сатылчу. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG