Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Айтматов ардактаган Садриддин Айни


Садриддин Айнинин музейи. Тажикстан.
Садриддин Айнинин музейи. Тажикстан.

Тажик адабиятынын негиз салуучусу, Бухара хандыгынын адилетсиз доорунда өтө кайгылуу күндөрдү башынан өткөргөн калемгер Садриддин Айни (чыныгы аты Садриддин Саид-Муродзода) 1878-жылы Бухарадагы Соктаре (Өзбек Республикасынын азыркы Гиждуван району) кыштагында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1890-жылы холера эпидемиясынын айынан атасынан да, энесинен да айрылгандан кийин Бухарага келип, ал кезде диний жана байистүү (светтик) орто билим бере турган медресеге кабыл алынган.

Ошол окуу жайда ал тажик элинин атактуу агартуучусу Ахмад Доништин жаңыча жашоого, билим алууга үндөгөн баалуу чыгармаларын кунт коюп окуп, идеяларына абдан таасирленген.

Өзүнүн айтымында ошондон кийин ички дүйнөсүндө “алгачкы диний революция” же революциялык идеялардын алгачкы учкундары пайда болгон. Күнүмдүк жашоо турмушта болуп жаткан саясий окуяларды жийиркенүү менен кабылдап, Бухара хандыгында өкүм сүрүп жаткан прогресске каршы душмандыкты жана деспотизмди аста-секин баамдай баштайт.

1917-жылы апрелде Бухара эмиринин резиденциясынын алдында көбүнесе дин кызматчылары башында турган реакциячыл күчтөрдүн жыйыны өткөрүлгөндө, бийликти жек көрө баштаган Айни бул демонстрацияга катышуудан баш тартат. Муну уккан диний фанаттар аябай жаалданышат.

Айнини үйүнөн кармап келип, “динге ишенбегени үчүн” аёосуз жазалашат. Чогулган элдин көзүнчө денесине 75 жолу таяк урулгандан кийин, чалажан болуп калган баланы эмирдин баш кесерлери сүйрөп барып түрмөдөгү караңгы жертөлөгө ыргытып таштаган. Революциячыл орус жоокерлери тарабынан куткарылган башка саясий туткундардын катарында Айни да түрмөдөн чыгарылган. Казандагы госпиталда эки ай дарылангандан кийин ал Самаркандга келип жашап калат. 1918-жылы эмир андан өч алуу максатында бир тууган инисинин өмүрүн кыйган.

Эмирдин мыкаачы желдеттеринин ырайымсыздыгы болочок жазуучуну Бухарада жашап жүргөндө ооздуктай алган эмес. Прогрессивдүү көз караштарынан тайбай, эмирдин жүргүзгөн ыплас саясатына каршылык көрсөткөн топтордун катарында болгон. 1905-1907-жылдардагы революциялардан кийин жадидизмден бөлүнүп, 1920-жылы Бухарадагы элдик революцияга активдүү катышкан.

Айнинин “Одина” повести менен “Дохунда”, “Кулдар” романдарында тажик элинин бир кылымдык турмушу, басып өткөн жолу чагылдырылган. Ал эми “Сүткордун өлүмү” деп аталган сатиралык повестинде тамыры барган сайын куурап жаткан эски системаны ачкөз сугалактын, сараңдын образы аркылуу ишенимдүү сүрөттөп көрсөтө алган.

1948-жылдан өмүрүнүн аягына чейин СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына арзыган “Бухара” же “Эскерүүлөр” аттуу автобиографиялык эпопеясын жазган. Калемгер “Бухаранын баш кесерлери”, “Эски мектеп”, “Темир Малик”, “Мукандагы көтөрүлүш” повесттеринин жана “Кулдар”, “Кыштакча” деп аталган тарыхый романдардын да автору.

Жазуучунун чыгармачылыгында көрүнүктүү орунду ээлеген “Сүткордун өлүмү” повестине убагында биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жогору баа берген.

1968-жылы жазган “Эки устат” аттуу макаласында: “Мен өзүмдүн Мухтар Ауэзов менен Садриддин Айниге болгон чыныгы жана терең урматымды окурмандарга билдиргим келет. Булардын экөө тең уникалдуу көрүнүш. Айнинин жазуучулук манерасы өтө жөнөкөй жана жайбаракат. Элди тарыхтын өзгөчө бир сересинде эң жөнөкөй жана асылзат адамдар аркылуу сүрөттөп көрсөтүү С.Айнинин сүйүктүү ыкмасы. Анын чоң жана кичи көлөмдөгү көптөгөн мыкты чыгармалары бар. Мен окурмандарды өзгөчө анын “Сүткордун өлүмү” деп аталган укмуштуудай сатиралык повестин окуп чыгууга чакырам. Анда өтө чоң заряд бар. Андан сатириктин Бухара Гобсегинин (француз жазуучусу Оноре де Балзактын каарманы-ред.) турпатын элестетүүбүзгө мүмкүндүк берген өтө чоң жана таңкаларлык чеберчилиги кашкайып көрүнүп турат” деп айткан экен залкар калемгер.

Тажик элинин руханий байлыгы да, сыймыгы да болуп саналган Садриддин Айни 1954-жылы каза болуп, сөөгү Дүйшөмбү калаасынын ортосундагы өзүнүн ысымына аталган гүлзарлуу ажайып бакка коюлган.

“Тажик Эл Баатыры” наамы көзү өткөндөн кийин ыйгарылган.

Кыргызстанда жазуучунун ысымы Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы орто мектепке жана борбор калаабыз Бишкектин көчөлөрүнүн бирине коюлуп, эстелик тактасы да орнотулган. “Бухара” тарыхый романы 1954-жылы Төлөн Шамшиевдин, “Эски мектеп” повести ушул макаланын авторунун котормосунда кыргыз тилинде жарык көргөн.

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG