Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:43

Айтматовду көрө албастыктан коргогон жазуучу


Фазлиддин Мухаммадиев.

Тажик эл жазуучусу маркум Фазлиддин Мухаммадиев Чыңгыз Айтматовдун инсандык улуулугун, чыгармачылыгын терең урматтаган замандаш калемдеши болчу.

Ал Айтматовдун «Жамийла», «Гүлсарат» повесттерин, «Кылым карытар күн» романын тажик тилине которгон. Анын улуу жазуучуга болгон ызат-урматынын канчалык терең экенин «Биздин Чыңгыз» аттуу төмөндөгү тарыхый баянын кунт коюп окуган адам баамдабай койбойт. Публицистика окурмандарга айрым кыскартуу менен тартууланды.

Мындан бир нече жыл илгери болуп өткөн окуяны – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу талаш-тартышты эч унуткум келбейт. Ал талаш-тартышка мен өзүм да катышкан элем. Андан бери арадан ондогон жылдар өттү. Бирок ошол окуянын негизги каарманы бул чыгарманы окугандан кийин ошол сырды элге ашкерелегеним үчүн капа болбой, кечирип койсо керек деп ойлойм.

Акын Файзулло Ансори экөөбүз Москвадагы Максим Горький атындагы жогорку адабият институтунда чогуу окучубуз. 1960-жылдын күз мезгилиндеги күндөрдүн биринде чоң танапис маалында далистеги тамеки тартыш үчүн атайын бөлүнгөн бурчка чогулуп, маектешип турганбыз. Бул жолку маекте Чыңгыз Айтматовдун повесть жана аңгемелери тууралуу сөз козголуп калды. Айтматов ал кезде анча атагы чыга элек, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССР Жазуучулар союзунун катчысы, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, ондогон комитеттердин, комиссиялардын, редколлегиялардын мүчөсү сыяктуу сыйлыктар менен наамдарга эгедер боло элек ары татаал, ары сыймыктуу жолдо эле.

Файзулло Ансори экөөбүздүн эң жакын көргөн жана көп убактысын биз менен чогуу өткөрө турган украиналык прозачы курсташыбыз Борис Харчук сөз кезегин алып, мындай деди:

– Анын повесттери да, аңгемелери да мыкты, бакубат чыгармалар.

– Чынын айтсам, - деди Ансори да сөз учугун улап, - мен азырынча «Жамийланы» эле окуганмын. Бул чыгарманы чыныгы чыгарма десе болот.

Бухаралык акын Ташполот Хамид да «Жамийланы» тамшанып жатып мактады. Кийин кызык эле болду: курсташтарыбыздын бири (анын атын атабастан шарттуу түрдө Мункир деп коёлу, ал да Орто Азия республикаларынын биринен келген) күтүлбөгөн жерден тетириленип: «Силер баарыңар апыртып, туура эмес сөз сүйлөп жатасыңар. «Жамийлада» реализмдин кымындай да белгиси жок. Айтматовдун андан башка чыгармалары деле өтө начар чыгармалар» десе болобу!

Мен ал кезде жаш болчумун. Бирөөдөн жаман сөз же адилетсиз доо укчу болсом өзүмдү кармай албай каным кайнап, жаалданып кетчүмүн.

- Ой, оозуңа карап сүйлөсөң боло?! - денеме калтырак жабышып, ачуумдан кыйкырып ийдим. - Анын чыгармаларынын кайсынысы начар экен, кана, айтчы? Сен өзүң сабаттуу эле немесиң, жалаага мисал келтирип, айтканыңды далилдеп берчи, кана?

Жолдош Мункир кызарып-татарып жатып улуттук салт-санаалардын өзгөчөлүгү жана алардын адабиятта чагылдырылышы жөнүндө узактан-узак сөз чубап, төө тал чайнагандай чалды-куйду жөөлүдү.

Мен «Жамийланы» жакында эле тажикчеге которуп чыгарганым үчүн Данияр менен Жамийланын жаркын образдары, кыргыздын орокчу кыздары жана Таластын буудай талаалары азыр деле көз алдыма элестеп турган эле. Ашыктыгы ашып-ташкан Сейиттин үнү алиге чейин кулагымда жаңырып жаткан болчу.

Адатымча өзүмдү басалбай, кыжырым келип Мункирди күрөккө турбаган сөздөр менен ашата тилдеп кирдим. Ал да буга жооп иретинде меникинен беш бетер сөздөр менен сөктү. Ызы-чуубузду угушкан курсташтарыбыз – прозачы Евгений Носов менен курстун жетекчиси, акын Владимир Туркин биз турган бурчка чуркап келип, шашып сурашты:

- Талапкерлерди жакалашууга чейин жеткирген бу кандай полемика?

Биз талаш-тартыштын маани-маңызын айтып түшүндүрдүк.

- Кантип? Чын эле Мункир Чыңгызды жаман жазуучу деп жатабы? – деп сурады Носов ачуу аралаш күлүмсүрөп. - Макул, Чыңгыз жазуучу болбосо, анда ким жазуучу?

- Мункир жазуучу, – шылдыңдап күлүп жиберди Файзулло Ансори.

- Жок, менин буга күмөнүм бар, – деди дагы бирөө.

- Ии, сүйлөпсүңөр! Мен жазуучумун. Эгер ишенгиңер келбесе, анда көзүңөрдү чоңураак ачып, жакшылап көрүп алгыла, - деп ал ич чөнтөгүнөн СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүк белетин сууруп чыгарды.

Ушул учурда менде бир кыйтыр ой пайда болду. Кудум белетине ишенбегендей түр көрсөтүп, калп эле «Кана, кана, бери апкелчи көрөйүн» деп, улам ага жакын келдим да, Мункирдин колундагы мүчөлүк белетти бачым жулуп алып, дароо чөнтөгүмө каттым.

- Аа, мына эми маселе чечилди, – табасы канган таризде үн катты Борис Харчук. - Ушу мүнөттөн тартып сен эми жазуучу эмессиң.

- Абдан жакшы иш кылдың, - деди Файзулло Ансори мени кубаттап. - Белетин бербегин эми. Бу оозу бузук караталаштын адебин жакшылап бербесек, болчудай эмес.

Кечинде баарыбыз чогулуп, бир троллейбус менен жатаканага чогуу келдик. Мункир жол ката мага сөйкөнүп, жаагы басылбай улам-улам мыңкылдайт:

- Азил дегендин дагы чеги болуш керек, келе, бер белетимди, - дейт ыраңы бозоруп. А мен болсо мында эч кандай азил-пазил деген жок экенин, эгер шерменде болуудан коркпой кимге барып арызданбасын, белетин баары бир бербей турганымды үстөккө-босток кайталап түшүндүрдүм.

Жатаканабызга келгенибизден кийин бул окуя экинчи курстун угуучуларына тарап кетти. Уккандардын баары жакасын кармап, биздин кылганыбызды жабыла колдошту. Түркмөнстандык сынчы жана прозачы Какали Бердиев жаалданып, мындай деди:

- Ушунчалыгына шүгүр кылсаң болот, эй Мункир. Бактың бар экен сенин. Эгер булардын ордунда мен болгонумда, башкача иш кылар элем: адегенде белетиңди тартып алып, андан кийин тумшугуңа келиштирип бирди түшүрөт болчумун. Ии, эмне?! Бир бакыйган мыкты жазуучунун мыкты китептерине кара көөнү сүртүп, жамандаганың аз күнөө дейсиңби?

Мункир Какали Бердиевдин өзүнүкүнөн узун боюна жана баатырлардыкындай күрсүйгөн кең мүрүсүнө коркунучтуу тиктеп койду да, демин ичине түшүргөн калыбында туруп калды...

Бул күнү Мункир түн жарымга чейин биздин бөлмөнүн эшигин улам-улам каккылап, аябай тынчыбызды алды. Ал канчалык эшикти каккылабасын, биз үн катпай тура бердик.

Эртеси эртең менен троллейбуста баратып, бул акыбал дагы кайталанды:

- Эй, балдар, - деди Мункир саргайып, - болду эми, куп шоктонуп алдыңар, табаңар кангандыр? Жетишээр дейм. Мындан ары силерге окшогон «профессорлор» менен жаакташпайм, талашып-тартышпайм деп касам ичсем болобу?

- Жок, - дедик биз көктүгүбүздөн жазбай. - Эгер мүчөлүк белетиңди алгың келсе, биздин шартыбызды орундатышың керек.

- Дагы кандай шарт? - чочуп кетти Мункир.

- Шарт мындай: ушул талаш-тартышка катышкан адамдардын баарын Москвадагы эң мыкты деп саналган ресторандардын бирине такилип кылып, жакшылап зыяпат бересиң. Мына ошондо гана сен салтанаттуу түрдө кечирим сурайсың.

- Силердин жарпыңарды жазчу андай чоң ресторанга зыяпат берүүгө ашып-ташкан акчам жок, менде. Мейли, силер адегенде белетимди бергиле, андан соң зыяпатка чакырайын, - деди Мункир айласы куруганда кабагын карыш салаңдатып.

Биз макул болбогондон кийин Мункир башкача киришип, тааныш-билиштерин, кээ бир окутуучуларды ортого сала баштады. Бул тууралуу Какали Бердиевге кабарлаганыбызда, ал мындай деди:

- Бош келбегиле. Сөзүңөрдөн эч качан кайтпагыла. Мункирге окшогондорго сөздүн таасири тийбейт. Аны жалаң гана жазалаш керек. Зыяпаты башынан калсын, мен ага зар эмесмин. Силер да ач калган жоксуңар, чынбы? Бирок бул ооздуругу жок келжиректи жакшылап көзүн ачышыбыз керек.

... 1961-жылдын январь айындагы күндөрдүн биринде Мункир Файзулло Ансорини, Борис Харчукту, Какали Бердиевди жана мени ресторанга алып барып, зыяпат берди. Мына ошондо ал биздин шартыбыз боюнча ордунан ийрейип турду да, каталык кетиргени үчүн салтанаттуу түрдө кечирим сурады. Бир таланттуу жазуучунун наамына чеки сөз сүйлөп, жаман иш кылганын мойнуна алды. Бирок эки-үч кадак көтөрүлгөндөн кийин бир аз кызып, капилеттен тура калды да: "Чыңгыз Айтматовдун саламаттыгы үчүн тост айтам" деп жиберди.

- Жок! – деди Харчук дароо каршы чыгып. - Азыр андай тост айтса болот, бирок, аны сага айттырууга жол бербейбиз.

Какали Бердиев каруулуу узун колун өйдө кылып, Мункирди ордуна басып олтургузган соң:

- Туура айтат, - деп койду, Харчуктун сөзүн кубаттап...

Тажик тилинен которуп даярдаган Мирзохалим КАРИМОВ

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG