Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Улут каймактарын даңазалаган Тентимишев


Мундузбек Тентимишев.

  • Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жүргөн-турганы жупуну, улуу-кичүүгө озунуп салам айткан Мундузбек Тентимишевди ондогон публицистикалык китептерди жарыкка чыгарган чыгаан журналист деп айтууга толук негиз бар.

Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн, Ташкенттеги жогорку партиялык мектепти бүтүргөндөн кийин эмгек жолун республикалык "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы болуп баштап, редактордун орун басарлыгына чейин жеткен.

Кийинчерээк Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинде инструктор, Ысык-Көл обкомунун басма сөз бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл облустук кеӊешинин басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси, "Эркин Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары, "Кыргыз Туусу" гезитинин саясий баяндамачысы, "Ден соолукка миң кеңеш" гезитинин башкы редактору кызматтарында чыгармачылык иштин майын чыгарып эмгектенген Кыргыз Республикасынын Жазуучулар жана Журналисттер кошуундарына мүчө болуп кабыл алынышы ошол мээнеткечтигинин үзүрү.

Кесибин жанындай жакшы көргөнү үчүн кандай жерде иштебесин журналисттик ишмердүүлүгүн кошо өркүндөтүп элге-журтка таланттуу публицист катары таанылып келген.

Чыгармачылык ышкы үстөмдүк кылганбы, айтор арадан бир нече жылдан кийин кызматтарда иштөөдөн биротоло баш тартып, 2010-жылдан жалаң китеп жазууга өз эрки менен өткөн. Анын бул кадамын кызыгып сурагандарга ал: "Эгер мен кайра жаралсам, кан-жанга бек орногон калемгерлик турмушту – журналисттик кесипти тандап алаар элем деп ойлойм. Ооба, буга чейин ар кандай жооптуу кызматтарда иштеген учурларым болду. Бирок кайда болбоюн, кандай кызматта иштебейин, сөз баккан журналист экенимди бир мүнөт да эстен чыгарбай, көңүл сүйгөн темаларда "экинчи майдан" түзүп, жекече кагаз-калем менен сырдашууну токтоткон жокмун. Мамлекеттик кызматтарым өсүш да, сабак да берип, бир эле мезгилде жазгандарым басма сөз беттеринде чыгып турду. Ал жылдарга өкүнмөк турсун, сыймактанам!", - деп канааттануу менен жооп берген.

Чыгармачылык ышкы-эргүүсү булактай оргуштаган таланттуу калемгер биротоло өз алдынча узанууга өтүп, үйдө олтуруп иштөөнү көптөн бери самап жүргөн. Ушуну туура көргөн ал. Натыйжасы жаман болгон жок, албетте. Эч нерсеге көз каранды болбогон эркин журналисттин калеминен кийинки жылдары табият, медицина, тарых, улуттук рух, ыйман-адеп ж.б. темаларда жана портреттик очерк үлгүсүндөгү 46 публицистикалык китеп биринин артынан бири жарык көрдү. Андан тышкары түзүүчү же жооптуу редактор болуп чыгарган китептердин саны 50дөн ашкан. Арасында орус тилинде чыккандары да бар.

Мундузбектин эң жакшы өзгөчөлүгү – көрүнгөндү мактап китеп жаза бербейт. Ошондой ойрон жол менен капчыгын кампайткан калемгерлердин катарын толуктабайт. Башкача айтканда, купулуна толгон каарманды ал өзү издеп табат. "Шартыма макул болсоңуз, төлөсөңүз, сиз жөнүндө китеп жазып берейин" деп, ар кимге жалдырап барбайт. Газеталарга жарыяланган маектеринин биринде бул тууралуу мындай деп айткан: "Эч убакта тигил же бул белгилүү адам жөнүндө заказ менен же атайын план түзүп, китеп жазайын деген ой ниетимде да жок. Өзүм жакшы билген, сыйлаган, башкысы – адамдык нарк-насилин бийик баалаган, пейил, дух, иш-эмгеги сабактуу кызык тагдырлуу адамдар жөнүндө гана жазам. Андай каармандар мени жаз, дагы тааныт, тарыхта калайын деп суранбайт, эч күтүүсүз, эч камылгасыз турганда эле инсандык элестери эркти бийлеп алып, жан дүйнө, баскан жолун боордоштой дилди төшөп жазбасам, тынч ала албай калам. Тимеле жер түбүндө кенчидей, кызыл чокко албырткан устадай, дагы тагыраагы – күнү-түнү таш ташыган каторжниктей иштегим келет.

Маселен, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалова жөнүндө китебимди ошондой бир дем менен жазгам. Эже "минтип жаз, минтип макта" деп бир ооз шек бербесе да, китеп көлөмү 300 беттен ашканда өзүмдү араң «команда» берип токтотком. Кайран киши жаткан бир кенч, жан сырын башта эч бир (!) журналист же жазуучу эркин-кенен ача элек сырдуу материктин өзү эле!".

«Кыргыз медицинасынын жылдыздары» деп атаган серияда ал улуттук медицинанын өчпөс жылдыздары жөнүндө 10 китеп жазып, «бул кайталангыс, чыныгы кесип фанатиктеринин сыр дүйнөсү аны өзүнчө эле бир чоң мектептен өткөргөндөй болуптур», өзүнүн айтуусуна караганда. Ал эми ыраматылык Ж.Аманбаев, Н.Исанов агаларын кезинде Балыкчыда Ысык-Көл обкомунда иштеп жүргөндө жакшы билгендиктен, алар тууралуу журналисттик баян куруу ал үчүн өткөн күндөрдү кайра бир тирилткендей эргип иштөөгө абдан шыктандырган экен.

Мундузбек Тентимишев портреттик очеркке өзгөчө маани берген кесипкөй журналист. Портреттик очерктин машакаты, башка жанрлардан өзгөчөлүгү тууралуу пикир орундуу. "Кимдир бирөө жөнүндө китеп жазууну мемуар же санжыра жазгандай эле жеңил иш деп терең жаңылышкан адамдар бар, - дейт ал өзүнүн чыгармачылык бай тажрыйбасына таянып. - Түшүнгөн кишиге, журналисттик жумуштун эч оору да, эң жооптуусу да – дал ошол портреттик очерк. Эр болсоң, айталы, үч-төрт барак өмүр баян же кыскача резюмеден ой учугун жип чубагандай чубап, аналитикалык үлгү-заты бар чоң чыгарма жаратып көр. Кээде андайды очойгон роман жазган жазуучу да жарата албайт".

Чыгармачылык казанында тынбай кайнап, ошондон рахат алып жашаган чебер публицист Мундузбек Тентимишевдин калеминен "Атың жакшы, Ысык-Көл", "Аны Алыкул деп аташкан", "Жол карайын. Токтой турчу, Ата Журт!..", "Баарынан адам болуу кыйын экен", "Ысык-Көл тууралуу 1000 баян", "Ала Тоо Улукманы – доктор Мирсаид Миррахимов", "Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев", "Хирург, академик Какиш Рыскулова", "Кыргызстан балдарынын Улукманы Дүйшө Кудаяров", "Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кондучалова", "Насирдин Исанов - эгемендүү Кыргызстандын биринчи премьери", "Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?" ж.б. көптөгөн автордук китептер жаралган. "Алыкул энциклопедиясы" деп аталган мыкты эмгегин ал улуу Алыкул арбагы алдында калемгерлик таазими жана көп жылдык публицисттик иш өтөлгөсүнө берген отчёту катары эсептейт.

Алыкул Осмонов Жусуп Турусбеков, Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыктардын, Кыргыз Республикасынын президентинин "Алтын калем", Эл аралык Түрксой сыйлыктарынын лауреаты Мундузбек Тентимишев борбор Азия өлкөлөрүнүн экология темада жазган журналисттеринин 1-фестивалында 1-орунду жеңип алып, алтын медалга ээ болгон. Эки жолу (2003-2004) Кыргызстандын эӊ мыкты журналисти деп таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG