Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:37

Жерге-Талдан келип, Ысык-Атадан баар тапкан бүлөлөр


Давлатбек Бороновдун Сын-Таш айылына көчүп келген учурдагы үй-бүлө мүчөлөрү жана бир туугандары, 1993-жыл.
Давлатбек Бороновдун Сын-Таш айылына көчүп келген учурдагы үй-бүлө мүчөлөрү жана бир туугандары, 1993-жыл.

Мындан 30 жылдай илгери Тажикстандагы атуулдук согуштун айынан мал-мүлкүн сатып, Кыргызстанга көчүп келген 11 кыргыз үй-бүлөсү тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримовдун баянын сунуштайбыз.

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Биз көргөндү эч ким көрбөсүн"

Согуш алааматынан качкан жердештерим мага сый акы деп сунуштаган бир миллион рублдан баш тартканымды, аларды бир туугандарча кабыл алган Ысык-Ата районундагы "Сын-Таш" колхозунун төрагасы Эмил Алабачаевдин айкөлдүгү тууралуу баяндайлы.

11 бир үй-бүлөгө баш-көз болгон педагог, Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн мыктысы, Ысык-Ата районунун Ивановка айылында бакубат өмүр сүрүп жаткан ардагер Давлатбек Бороновду кепке тартып, 30 жыл илгерки ташпиштерди эскерип баарлаштык.

- Давлатбек мырза, сиз он бир үй-бүлөгө баш-көз болуп, Кыргызстанга көчүп кетүүгө жол баштагандардын бирисиз. Тажикстандагы согуш токтоп, жашоо-турмуш оңолоруна көзүңүз жетпеген үчүн ушундай чечкиндүү кадамга бардыңыз беле же башка себептери да барбы?

- Тажикстанда жарандык согуш башталгандан кийин, жүз миңдеген адам шашылыш түрдө өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун өзүңүз жакшы билесиз. Ошол качкындардын көпчүлүгү кыштын кычыраган күндөрүндө биз байырлаган Жерге-Тал району аркылуу коңшулаш Кыргызстанга дайрадай агылып өтүп жатканын, бийлик менен оппозиция элдешкис позицияда тирешип турганын өз көзүбүз менен көрүп турдук.

Каршылашкан тараптардын айыгышкан кармашуусу эртеби-кечпи кыргыздар жашаган биздин аймакка да кесепетин тийгизери анык боло баштады. Ошентип, 1993-жылдын январь-февраль айларында жумурияттын борбору Дүйшөмбү калаасында башталган атуулдук согуштун алааматы 300 чакырым аралыкта турган тоо койнундагы биздин Жерге-Талга да жетти. Эч нерседен шек санабай тынч-аман жашап жаткан элге өтө чоң коркунуч пайда болду. Күнөөсүз адамдарыбыз согуш курмандыгына кириптер боло баштады.

Ушул каргашалуу окуялардан кийин көпчүлүк кыргыздардын ойлогон ою жалаң жер которуу, тынч жерге барып балдарынын келечегине кам көрүү болуп калды. Албетте, киндик кан тамган жерди таштап кетүү айтканга оңой, бирок өтө оор нерсе. Анын кандай оор экенин баштан өткөргөн, ушундай тагдырга туш келген адам гана билет. Өз колуң менен багып өстүргөн бак-шагың, ышкың менен курган үйүң, короо-жайың калат…

Айтор, айтып бүткүс кайгы, эстен кеткис ташпиш мунун баары. Аны эч кимге ыраа көрбөйм. Биз көргөндү эч ким көрбөсүн ылайым.

Давлатбек Боронов небереси менен.
Давлатбек Боронов небереси менен.

- Согуштун кесепети кыргыздарды эле эмес, башкаларды да жер которууга аргасыз кылбадыбы?

- Айласыздан жер котортту дегени туура. Айылыбыздагы санаалаш адамдар бул жерде жашоонун келечеги караңгы боло баштаганда өзүлөрүнчө топ түзүп, көчүп кетүүнүн жолдорун издөөгө киришишти. Кыргызстандын Ош, Чүй облустарына ишбилги өкүлдөрүн жөнөтүп жатышты. Ошолордун катарында мен жетектеген биздин топ да 1993-жылдын апрель айында кыйынчылык менен Бишкекке келип, жердеш жазуучубуз жардам берет деген үмүттө сизди издей баштаганбыз.

Кудай жалгап, тез эле издеп таптык. 17 күн жол жүрүп кыйналган абалыбызды көрүп, бооруңуз ооруду. Үйүңүзгө алып барып сыйладыңыз. Жерге-Талдагы элдин ал-абалын, согуштун кесепеттерин, биздин бел байлап келгенибиздин максатын астейдил сурадыңыз. Ошонун эртеси эле жеке иштериңизди жыйыштырып коюп, бизди көчүрүп келүү маселесин чечүүгө киришкенсиз. Көп жерлерге эрчитип бардыңыз.

Аягында Жогорку Кеңешке алып бардыңыз. Легендарлуу парламенттин депутаты, Ысык-Ата районундагы "Сын-Таш" колхозунун төрагасы Эмил Алабачаевге жолуктуруп, маселебизди оң жагына чечип бергениңизди, дипломатка салып келген 11 бир үй-бүлөнүн бир миллион рублин ишибизди бүтүргөнүңүз үчүн алыӊыз десек, "силердин эч нерсеңер керек эмес, мага өзүм төрөлгөн жерде өскөн картөшкөдөн эки чака алып келсеңер жетишет, тескерисинче, мен силерге жардам беришим керек" деген сөздөрүңүздү эч унута албайбыз.

Биз, жергеталдыктар, сиздей жердеш жазуучубуз бар экенине сыймыктанабыз.

- "Сын-Таш" колхозунун ошол кездеги төрагасы, ардактуу эс алуудагы Эмил Алабачаевдин жакшылыгын унутпай жүрүшүңөр парз. Анткени, силердин маселеңер ошол кишинин боорукерлиги менен чечилген. Менин сунушумду жерде калтырбай айткандарыма ишенгени үчүн мен да ыраазычылык билдирип келатам ал кишиге.

- Абдан туура айттыңыз. Тажикстанда согуш жүрүп жатканда эч нерседен кооптонбой колхоздун чиркегичтүү эки "КамАз" автомашинасына бизди отургузуп жөнөттү. Он бир үй-бүлөнү адамдары, жүктөрү менен алыскы Жерге-Талдан бир тыйыныбызды коротпой бекер көчүрүп келди ал киши. Күйүүчү майды да камсыздаган.

Келерибиз менен мал сойдуруп, айылда маараке өткөрдү. Жумушка орноштурду баарыбызды. Биз Тажикстанга барып келгенге чейин шашылыш түрдө акталып-сырдалган жакшынакай даяр үйлөргө жайгаштырды. Булар өнүп-өсүп кетсин деген ниетте ар бир үй-бүлөбүзгө бирден музоону энчи кылып берген. Турмушубуз оңолгонго чейин азык-түлүк жагынан да жардам берип турган.

Бул кишинин айкөлдүгүн биз эч качан унутпайбыз. Ар дайым эстеп жүрөбүз.

- Андан бери отуз жыл өтүп баратыптыр арадан. Азыркы жашоо-турмушуңар кандай?

- Кудайга миң мертебе шүгүр, бардыгыбыз үй-жайлуу, мал-мүлктүүбүз. Эмгегибизге, ниетибизге жараша өнүп-өстүк. Небере-чөбөрөлүү болуп, балдарыбыздын үзүрүн көрүп жаткан чагыбыз. Уул-кыздарыбыздын көпчүлүгү жогорку окуу жайларында окуп, ар кандай кесипке ээ болушкан. Жашоо-турмушубуз бакубат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG