Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

“Памирдин суугуна илбирс, топоз, анан кыргыз гана чыдайт”


Мирзохалим Каримов
Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Ар дайым амандык тилейм"

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда кийинки кездерде бийлик менен элдин ортосунда орун алып жаткан кандуу тирешти уккан сайын бул облустун курамындагы Мургап районунда катаал климаттын каарына моюн сунбай жашап келаткан бир ууч кыргызды улам-улам эстей турган болдум. Облустун борбору Хорогдон 300 чакырымдай аралыктагы асман мелжиген бийик тоолордун койнун байырлаган ошол карапайым, калыс кыргыздар тынч-аман болду бекен деп, санаам санга, оюм онго бөлүнөт.

Анткени мен ал кыргыздарга 1989-жылы "Советтик Кыргызстан" гезитинде кабарчы болуп иштеп жүргөнүмдө атайын сапар менен барып, тузун татып, окурмандар менен жолугушуу өткөргөнмүн. Сапардан кайтып келгенден кийин алардын турмушу, көйгөйлүү маселелери тууралуу бир нече макала жаздым. Ошол бир жолку жолугушуунун жылуулугу азырга дейре дилимди жылытып, саламымды айтып келатам. Ар дайым амандык тилейм.

Мургап районунун Токтомуш айылында жашаган кыргыздар. 1975-1990-жылдар.
Мургап районунун Токтомуш айылында жашаган кыргыздар. 1975-1990-жылдар.

"Табышмактуу жердин сыры дале ачыла элек"

1925-жылы 2-январда түзүлүп, Тажик ССРинин курамына кирген Тоолуу Бадахшан автоном облусу түндүгүнөн Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгү менен батышынан Ооганстан менен чектешет. Аянты 63,7 миң чарчы чакырым. Облуста 6 район, бир шаар бар. Борбору Хорог. Кыргыздар ушул облустун чыгыш бөлүгүндөгү Мургап районунда жашайт.

Ошол кыргыздардан чыккан таланттуу акын, котормочу, журналист Алымкул Акназаров Бадахшандагы улутташтарыбыздын районун, колхоз-совхоздорун бир нече жыл жетектеген маркум Камал Урустамовдун жаркын элесине арнап жазган "Элге арналган өмүр" аттуу китебинде төмөндөгүдөй тарыхый маалыматтарды тизмектеген:

"…Эне-Сайдан Памирге чейинки кең аймактарда көчүп-конуп жүргөн кыргыздар илгерки доордон азыркыга чейин эмне деген тагдырды баштан өткөрбөдү. Өткөн доордун 30-жылдарына чейин чек аралар ачык, карым-катыш эркин болгон. Революциядан кийин байыркы кыргыз жеринин айрым аймактары Кытай менен Ооганстанга, казак менен өзбекке, ал эми Сары-Таштан ары Бор-Дөбө, Кызыл-Артты ашып Кара-Көл, Ак-Байтал, Мургап, Аличор, Жыланды, Жоошаң-Көз, Күйгөн-Токой, Ак-Тайлакка чейин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамына кирип, облустун аянтынын 60 пайызын түзгөн бийик тоолуу Мургап району болуп калган.

(Солдон оңго карай) Мургап райондук аткаруу комитетинин төрагасы Камал Урустамов, партиянын Мургап райкомунун биринчи катчысы О.Исманов, райондун прокурору А.Тагайкулов. 1985-1988-жылдар.
(Солдон оңго карай) Мургап райондук аткаруу комитетинин төрагасы Камал Урустамов, партиянын Мургап райкомунун биринчи катчысы О.Исманов, райондун прокурору А.Тагайкулов. 1985-1988-жылдар.

Памир – бул Манастан бери айтылып келаткан байыркы кыргыз жери – Сары-Кол. Памирде сактардан кийин кыргыздан башка калк жашаганы тууралуу тарыхый маалымат жок. Памирлик кыргыздар канчалык кыйынчылыкты баштан өткөргөнү менен акыр-аягы бийик тоо боорунда тукум улап, журт болуп, өзүнүн элдүүлүгүн сактап калгандар".

"Кыргыз журтчулугунун көрөңгөсү"

Китептин автору Алымкул Акназаров Памир жөнүндө көп изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн, бирок бул табышмактуу жердин сыры дале болсо ачыла элек деген пикирде. Кыргыздын белгилүү инсандарынын Памир, Мургап тууралуу жазып калтырган эскерүүлөрүн да тизмектеп, окурмандардын назарын бурууну туура көрүптүр.

"Биздин эл-жерибиз жөнүндө өткөн кылымдын 60-жылдарында байыртан эле ысык-сукка байымдуу, турмушка чыдамдуу кыргыздар жерден жем алып, жаратылыштан дем алып, табигат менен бирге жашаган, - деп жазат Памирде бир нече жыл мугалим болуп иштеп кеткен белгилүү жазуучу, акын, драматург жана котормочу Эрнис Турсунов "Ажал айтып келбейт" аттуу чыгармасында. - Кантсе да ак кар, көк муз каптаган тоо шартында ажалга тик караган кайраттуу, каарман эл жашайт. Тянь-Шань, Бадахшан, Памир (Чыгыш Памир – Сары-Кол) Алай тоолорундагы 4000, 5000, 6000 метр бийиктикте кыргыздардан бөлөк кайсы улут жашап келди? Жашамак тургай, альпинисттер араң чыккан 7000 метр бийиктиктеги Памирди көк жалтыр мөңгү каптап, кышкысын 40-50 градус суук турат. Мындай суукка чыдаса топоз чыдайт, илбирс чыдайт, анан кыргыз чыдайт", - деп жазган.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган мургаптык студенттер. Фрунзе, 1967-жыл.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган мургаптык студенттер. Фрунзе, 1967-жыл.

Ал эми ошол эле жылдары иштеп, жашап келген, элибиз урматтап кадыры сиӊген дагы бир агабыз – Кыргыз Республикасынын Эл акыны Анатай Өмүрканов да Памир тоолорун арзуу кылып, унутпай эскерген ырында минтип жазат:

Кетермин, бирок сени унутпаймын,

Унутпаймын, бир түнөгөн жаттай болуп,

Өз жеримде өзүңдү сагынармын,

Жем акырын сагынган аттай болуп.

Сымаптай жылт-жулт эткен илбирстериң,

Ар түн сайын түштөрүмө кирип менин,

Бул тоолорго апкелишер мени кайра,

Мүйүзүнө олтургузуп кийиктериң.

Андан кийин 90-жылдары кыргыз эли үчүн күйүп-бышкан коомдук ишмер, белгилүү кинорежиссер, акын Дооронбек Садырбаев да кыргызым бар экен деп, атайын Сары-Колго издеп барып, өз көзү менен көргөн. Апталап жүрүп "Журтумдун көрөңгөсү" деген даректүү тасмасын тарткан.

"Силер кыргыз журтчулугунун көрөңгөсү экенсиңер", - деп сыймыктануу менен тасмасын да ошентип атаган.

Кылымдардан бери тынчтыкты, калыстыкты туу тутуп, башка улуттар менен сыйлашып келаткан памирлик кыргыздардын жашоо турмушун, маданиятын, оозеки чыгармаларын, тилдик өзгөчөлүктөрүн ийне-жибине чейин изилдеген маркум илимпоз Жээнбай Мукамбаевди бул жердин эли терең урматтап, ар дайым эстеп жүрүшкөнүн учуру келген сайын айтпай коюу мүмкүн эмес. Анткени окумуштуу кыргыздардын ар биринин үйүнө чейин баш багып жумалап, айлап изилдөө жүргүзгөн деп эскеришет.

Изилдөөнү бир же эки жолу эмес, бир нече жолу жүргүзүп, "Памирлик жана кара-тегиндик кыргыздарда", "Эл ичи - өнөр кенчи" деп аталган илимий китептерин жарыкка чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG