Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Памирликтердин үнүн ким угат? "Атайын операция" уланууда


Хорогдогу нааразылык акциясы. 2020-жыл.
Хорогдогу нааразылык акциясы. 2020-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалымдаган тажик Ички иштер министрлиги аларды “уюшулган кылмыштуу жана террордук топтун мүчөлөрү” деп атады. Маркумдардын жакындары алар куралсыз, жөн-жай тургундар экенин айтууда.

Рушандыктар кандай жагдайда набыт болгону белгисиз. Министрлик алар “куралдуу каршылык көргөзгөндө жок кылынганын”, 18-майдан бери расмий издөөдө жүргөнүн билдирди. Аймак менен телефон жана интернет байланышы жок болгондуктан, көз карандысыз булактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Вамар айылынын дагы бир тургуну, тартип коргоочулар “террордук топтун жетекчиси” деп атаган киши кармалганы кабарланды. Министрликтин маалыматына караганда, окуя Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына бир чакырымдай жакын жерде болду. Ал жакта автомат, пулемет өңдүү курал-жарак табылган. Бул маалыматты да көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Тоолуу Бадахшандагы абал үч аптадан бери курчуп турат. 14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургуну митингге чыгып, автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө “антитеррордук операция" баштаган. "Сегиз жоочу жок кылынганын, он бири жарадар болгонун” маалымдаган. Жүздөн ашык адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан көп деп айтышууда.

Тоолуу Бадахшан укук коргоочулардын назарында

Эл аралык укук коргоочу уюмдар тажик бийлигин набыт болгон памирликтердин өлүмүн кылдат жана калыс иликтөөнү камсыздоого үндөдү. Бирок расмий Дүйшөмбү азырынча эч кандай комментарий бере элек.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди") Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы ишенимдүү булактарына таянып, Хорогдо "Комиссия 44" кыймылынын ондон ашуун мүчөсү кармалып, суракка алынганын кабарлады. Кыймыл былтыр ноябрь айындагы митингдердин кийин аймактагы абалды борбордук бийлик менен бирге жөнгө салуу үчүн түзүлгөн.

“Комиссия 44түн” юристи Фаромуз Иргашев 28-майда прокуратурага чакырылып, “чет өлкөдөн каражат алды” деген жүйө менен тергөө абагына камалган.

"Комиссия 44" кыймылынын мүчөлөрү.
"Комиссия 44" кыймылынын мүчөлөрү.

Ошондой эле "Озоди" радиосуна атын атагысы келбеген булак буга чейин чет өлкөдө жашаган бадахшандык мигранттар "Комиссия 44" кыймылына колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

“Бирок чет өлкөлөрдөн жана уюмдардан эч кандай колдоо болгон эмес. Бадахшандан чыккан мигранттар гана жардам беришкен. Алар адилеттүүлүктү орнотууну каалашкан, “Комиссия 44кө” ушул миссия жүктөлгөн”.

Бул топ Хорогдо былтыр ноябрдагы окуялардан кийин түзүлгөн. Анын курамына жарандык активисттер, Башкы прокуратура менен аскердик прокуратуранын алты өкүлү кирген.

26-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) британ делегациясынын башчысынын орун басары Дейрдре Браун Тоолуу Бадахшанда жайкын тургундардын өлүмүнө тынчсыздануусун билдирди.

Ал жарандарды жана журналисттерди коркутуп-үркүтүү, куугунтуктоо фактылары кырдаалды турукташтырууга тоскоол болуп жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле британ дипломаты Лондон аймактагы кандуу окуялар боюнча ар тараптуу жана ачык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы эл аралык коомчулукка сунушталышын кубаттай турганын билдирди.

"Биз бардык тараптарды чыңалууну мүмкүн болушунча тезирээк басаңдатууга жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы милдеттенмелерин толук аткарууга чакырабыз", - деп билдирди Браун.

Ал Тоолуу Бадахшанда интернет байланышы калыбына келе электигин белгилеп, тажик бийлигин чукул бул маселени чечүү жолдорун камсыздоого чакырды.

Өткөн апта "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму президент Эмомали Рахмонду Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жакында эле өткөн каршылык акцияларынын катышуучуларын куугунтуктоодон алыс болууга чакырды.

"Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек. Андан тышкары тажик бийлиги Хорог жана Рушан шаарларындагы нааразылык акцияларынан кийин ачылган кылмыш иштерин токтотушу абзел", - деди уюмдун өкүлү Сыйнат Султаналиева.

Муну менен катар Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR), Жарандык укук коргоочулар (CRD) жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмунун (OMCT) альянсы 24-майда жарыяланган билдирүүдө тажик бийлигин Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы демонстранттарга каршы зомбулукту токтотууга чакырды. Алар ошондой эле Кызыл Чырым кызматкерлерине жана укук коргоочуларга бул аймакка кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты.

"Улфатхоним кысымга алынган"

Ошондой эле укук коргоочулар тажик бийлигинен 18-майда Дүйшөмбү шаарында кармалган журналист Улфатхоним Мамадшоеваны бошотууну талап кылышты. Активист камакка алынганга чейин Хорог менен Рушандагы соңку нааразылык акцияларына тиешеси жоктугун билдирген эле.

Улфатхоним Мамадшоева жана Холбаш Холбашов.
Улфатхоним Мамадшоева жана Холбаш Холбашов.

Тажик бийлиги 25-майда Улфатхоним Мамадшоева жана анын мурдагы күйөөсү, генерал Холбаш Холбашовдун “күнөөсүн моюнуна алган” видеосу тараган.

“Точикистон” телеканалы көрсөткөн тасмада Мамадшоева менен Холбашов алар тополоңдорду уюштурууга тиешеси бардыгын, негизги уюштуруучу Мамадбокир Мамадбокиров болгонун айтышкан. Видео кандай жагдайда жаздырылганы белгисиз.

Бирок “Тажикстандын улуттук альянсы” оппозициялык кыймылынын жетекчисинин орун басары, азыр Польшада жашаган теги бадахшандык Алим Шерзамонов “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде, Мамадшоева менен Холбашовду “кыйноо менен күнөөсүн моюнуна алдырышканын” айтты.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги мурдараак тараткан билдирүүсүндө, соңку башаламандыктарды уюштурууга памирликтердин бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокировду, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамоновду жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, кылмыш ишин козгогон. Мамадбокиров болсо 22-майда Хорог шаарында киши колдуу болгон.

Бул аймакта 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда жүздөн ашык адам кармалганы ырасталды.

Расмий маалыматка ылайык, Тоолуу Бадахшанда 16-майда нааразылык билдирген топ менен күч кызматкерлеринин кагылышуусунда жергиликтүү бир тургун, 18-майда бийлик "антитеррордук операция" деп мүнөздөгөн Рушан районундагы окуяда тогуз митингчи жана бир офицер каза тапкан. "Озоди" радиосунун булактары бейшембидеги кагылышууда 21 адам өлгөнүн билдиришкен.

Дагы ондогон кишилер дайынсыз болуп жатканы тууралуу кабар чыкты. Бирок азырынча Тоолуу Бадахшанда телефон байланышы жана интернет калыбына келе элек.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG